Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Айгерим Бешимбаева
Депутат ЖК Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айгерим Бешимбаева 30 жашта. Алтынчы чакырылыштын жаңы депутаты парламентте социалдык көйгөйлөргө көңүл буруп, келечекте максатына жете билген жана чечкиндүү жигит менен турмуш кургусу келет.

Кечээ Жогорку Кеңеште бул чакырылыштын эң жаш депутаттарынын бири болуп эсептелген Айгерим Бешимбаева ант берип, биринчи жыйынга катышты. Ал "Республика — Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен мандат алып, вице-премьерликке дайындалган Аида Исмаилованын ордуна келди.

Мөөнөтү аяктаарына төрт ай калган чакырылышка депутат болгон Бешимбаева менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы маектешип, анын буга чейинки таржымалы жана алдыдагы иш пландары тууралуу оюн укту.

— Айгерим, кечээ алгачкы ирет депутат катары парламент жыйынына катыштыңыз, кандай сезимдер болду? Сиз элестеткендей бекен?

— Башында, албетте, толкундандым. Анын үстүнө бул күнү Жогорку Кеңешке президент менен премьер-министр келбедиби. Алар кирип келе жатканда башкача сезимдер болду. Бара-бара кырдаалга кадимкидей көнө түштүм. Аксакал депутаттар кеп-кеңешин айтып, ийгилик каалашты. Тажрыйба топтоого, өлкө үчүн кызмат кылууга мүмкүндүк бере турган жер экенине көзүм жетти. Айтор, кечээки күн жагымдуу болду мен үчүн. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАйгерим Бешимбаева 15-апрелде алгачкы жыйынга катышты
Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур - Sputnik Кыргызстан
Айгерим Бешимбаева 15-апрелде алгачкы жыйынга катышты

— Мандат аларыңыз жөнүндө жаңылыкты кандай кабыл алдыңыз? Талапкерлер тизмесин карап, кабар алып турчу белеңиз же күтүүсүз болдубу?

— Ошол күндөрү өзгөчө абал режиминин эң оор учурларында кызмат кылган вице-премьер Алтынай Өмүрбекова кызматтан кеткен. Мен дагы бардык кыргызстандыктардай эле мындан аркы эпидемиологиялык абал кандай болор экен деп толгонуп, депутаттык мандатты ойлонууга шайым жетпей турган. Ошондуктан күтүүсүз болду.

— Баш тартып коёюн деген ой болгон жокпу? Ары жакта көп болсо төрт гана айлык убакыт калды, бул аралыкта эмнеге жетишем деп ойлойсуз?

— Жок, антип ойлогон жокмун. Анткени эң биринчи күндөн бери мени колдоп келген адамдар, Сокулук районунун шайлоочулары бар. Экинчиден, бул мен үчүн тажрыйба ала турган жаңы тармак. Колдон келишинче парламенттин ишмердүүлүгүнө тезирээк сүңгүп кирип, коомдун кызыкчылыктары үчүн күрөшүүгө аракет кылам. 

© Фото / Нургуль КожогелдиеваЖаш депутат социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасагысы келет
Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур - Sputnik Кыргызстан
Жаш депутат социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасагысы келет

— Мисалы, кайсы тармактар кызыктырат? Мындай же тигиндей өзгөрүү киргизишим керек деп ойлонуп жүргөн нерселер барбы?

— Мен үчүн социалдык тармак артыкчылыктуу. Тагыраак айтканда, социалдык коргоо, банк жана билим берүү системалары. Мисалы, өзүм туулуп-өскөн Военно-Антоновка айылында Советтер Союзу учурунда курулган бир гана мектеп бар. Орун жетпегендиктен балдар төрт смен менен окушат. Жаңы мектептин салынып бүтпөй жатканына быйыл 11 жыл болду.

— "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмесине кантип кирип калдыңыз эле?

— Ошол эле өзүмдүн айылым Военно-Антоновкадан партияга жаш мүчө катары көрсөтүлгөм.

— Баса, парламенттин азыркы чакырылышында сизге куракташ депутаттар өтө аз. Көпчүлүгү экинчи, үчүнчү ирет эл өкүлү болуп, дасыгып бүткөндөр. Алар туура эмес сүйлөп жатса, тайманбай талаш-тартышка түшө аласызбы?

— Биздин коомдо, өзгөчө саясатта мурдагынын жолун улап кетүү деген нерсе жетишпей турат. Мен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө жана мыйзам чыгаруу системасына салым кошкон депутаттарды абдан сыйлайм. Ошондой эле алар дагы бүгүнкүдөй социалдык жана экономикалык оңой эмес учурда принциптеринен жазбай алдыга умтулуп келе жаткан жаш саясатчыларга түшүнүү менен мамиле кылат деп үмүттөнөм. 

© Фото / предоставлено Айгерим БешимбаевойАйгерим Бешимбаева: жаңы тапшырмалардан жана жоопкерчиликтен коркпойм
Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур - Sputnik Кыргызстан
Айгерим Бешимбаева: жаңы тапшырмалардан жана жоопкерчиликтен коркпойм

— Көпчүлүк депутаттарды эл жактыра бербейт...

— Жогорку Кеңеш — мамлекеттик башкаруу системасынын маанилүү бөлүгү. Ал эми депутаттар коомдун күзгүсү, тагыраагы, элдин өкүлдөрү. Албетте, элдин баарына бирдей жагуу кыйын. Бирок негизинен кесипкөйлүгүнө, сабаттуулугуна жана принципиалдуулугуна карата баа берилет эмеспи. Мен бул сапаттары бар депутаттарды сыйлайм жана алардан тажрыйба алууга аракет кылам.

— Бул чакырылыштын кайсы мыйзам долбоорун эң ийгиликтүү, кансынысын тетиринче, эң керексиз деп эсептейсиз?

— Менимче, Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү жаныбарларга аң улоого тыюу салган мыйзам долбоорун колдоп коюу керек эле. Ал эми эң жакшы долбоорду атоо кыйын.

— Эгер парламентте люстрация тууралуу мыйзам сунушталса макул болосузбу?

— Ооба, сөзсүз.

© Фото / предоставлено Айгерим БешимбаевойБешимбаева буга чейин банк тармагында эмгектенген
Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур - Sputnik Кыргызстан
Бешимбаева буга чейин банк тармагында эмгектенген

— Бир аз артка кылчайсак, буга чейинки кызматтарыңыздын ар биринде 1-2 гана жылдан отуруп, карьералык тепкичте бир топ көтөрүлүптүрсүз? Ийгилик сыры эмнеде?

— Айрымдар бир эле кызматта көптөгөн жылдар бою отурууну жакшы көрөт. Дагы башкалар улам-улам орун которуп, өзү үчүн жаңы нерсе издейт. Жеке өзүм тууралуу айтсам, кесибимди абдан жакшы көрөм. Дайыма профессионалдык жактан жана инсан катары өсүп турууну каалайм. Ошондой эле жаңы тапшырмалардан жана жоопкерчиликтен коркпошум керек деп эсептейм. Менимче, бул бардык тармактарда ийгиликке жетүүнүн негизги эрежелери. 

— Сын пикирлерге кандай карайсыз? Мисалы, депутат болгонуңуз тууралуу жаңылыкка социалдык тармактардын колдонуучулары ар кандай, айрымдары негативдүү пикирлерди жазышты?

Ведущая Айпери Адамкулова - Sputnik Кыргызстан
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди
— Аларды окуп капаландым. Мени билбей туруп эле жаман сөз айткандар көп болду. Дагы бир ирет биздин коом аялзатына кандай мамиле кыларын көрө алдым. Эгер менин ордумда жигит болсо, балким, мамиле башкача болмоктур. Биздин өлкөдө гендердик жагынан караганда, аялдар бала төрөп, аларды тарбиялоо милдетин аткаргандан тышкары, дайыма коомдогу стереотиптер менен күрөшүп келет. Ошол үчүн биздин аялдар абдан күчтүү болсо керек.

— Эми жеке турмушуңуз тууралуу кеп кылсак, ата-энеңиз эмне иш кылат?

— Атам юрист, укук таануучу. Көп жылдар бою тергөө органдарында иштеген, азыр пенсияда. Апам Улуттук илимдер академиясында библиограф. 

© Фото / предоставлено Айгерим БешимбаевойДепутат “жигит эрки күчтүү, принципиалдуу жана чечкиндүү болушу керек" деп эсептейт
Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур - Sputnik Кыргызстан
Депутат “жигит эрки күчтүү, принципиалдуу жана чечкиндүү болушу керек" деп эсептейт

— Үй-бүлө кура элек экенсиз. Жигиттерден кандай сапатты баалайсыз жана келечектеги жолдошуңузга кандай талаптар бар?

— Жигиттин эрки күчтүү, принципиалдуу жана чечкиндүү болгону жакшы го. Келечектеги жолдошумдун дагы максат коюп, ага жете билген адам болушун каалайм.

— Күздө келе жаткан шайлоого катышасызбы?

— Аны убакыт көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0