БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет 13-мартка чейин Бишкек шаарында аба ырайы кандай болорун айтты.
Жакынкы күндөрү аба ырайы туруктуу болуп, күндүн табы күндөн-күнгө жогорулайт. Жума күнү +12 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.
Буга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы март ичинде кандай болору кабарланган. Суукту сүйбөгөндөргө бул макала жагымдуу маанай тартуулайт.