БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы 1999-жылдын июль-ноябрь айларындагы Баткен окуясына арналган толук метраждуу көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Сынактын мөөнөтү бүгүн башталып, 20-мартта аяктайт. Ага Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй адистер — киночулар, жазуучулар, журналисттер жана адабиятчылар катыша алат.
Сынакка сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:
- 5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;
- текстин тили — мамлекеттик жана расмий;
- текстин форматы — Microsoft Word "doc";
- сценарийдин көлөмү — 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);
- шрифти — 12 (Times New Roman);
Жиберилген эмгектер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
Сынакка катыша тургандар "Кыргызфильм" киностудиясына, болбосо (312) 344 569, 344 626 телефондору аркылуу байланыша алат.