00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Sputnik Эстониянын башчысы Черышева Таллиндин аракетин цензура деп атады

© Sputnik / Доминик Бутен / Медиабанкка өтүүЗимняя сессия ПАСЕ
Зимняя сессия ПАСЕ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү кечинде Парижде "Франция-россиялык диалог" ассоциациясы уюштурган дебат болуп өткөн. Анда Sputnik Эстониянын айланасындагы кырдаал дагы талкууланган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эстония бийлигинин Sputnik Эстониянын журналисттерине кылган мамилеси цензура болуп эсептелет. Бул туурасында Парижде өткөн басма сөз эркиндиги тууралуу дебатта редакциянын жетекчиси Елена Черышева билдиргенин РИА Новости жазды. 

Шаршемби күнү кечинде Парижде "Франция-россиялык диалог" ассоциациясы уюштурган дебат болгон. Талкууга "Россия бүгүн" агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский, Sputnik Эстониянын жетекчиси Елена Черышева, Sud Radio журналисти Андрэ Беркофф менен Paris Match журналынын кабарчысы жана директордун орун басары Режис ле Соммье катышты. Журналисттер кесиптештерин колдоо максатында сары жилет кийип келишкен.

Декабрда Sputnik Эстония редакциясынын кызматкерлери Полиция департаментинен "Россия бүгүн" эл аралык агенттик менен иш келишимин ушул жылдын 1-январына чейин бузбаса, кылмыш ишин козгой тургандыгы боюнча билдирүүлөрдү алган. Мындай аракетин Таллин Евробиримдиктин 2014-жылы 17-марттагы киргизген санкциялары менен түшүндүргөн. Тизмеде "Россия бүгүн" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевдун болгону менен агенттиктин өзү тууралуу айтылган эмес.

"Биз Таллин бийлиги менен полициянын аракетин Sputnik Эстония агенттигинде иштеген журналисттерге карата цензура деп эсептейбиз. Бирок биздин өлкөдө цензурага тыюу салынган", — деди Черышева дебат учурунда.

Ал редакцияда иштегендердин көбү Эстониянын жарандары экендигин белгилеп, полиция өз мекендештерин россиялык ЖМКда иштегени үчүн түрмөгө отургузуудан кайра тартпай жаткандыгын кошумчалаган.

Официальный визит Сергея Лаврова в КР - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Sputnik Эстониянын айланасындагы абал Евробиримдикке көө жапты
"Учурда "Россия бүгүн" агенттиги эстон бийлиги ойлоп тапкан дооматтарды четке кагуу үчүн ар тараптан иштеп жатат. Учурда башкы максат — кызматкерлерди жумуш ордуна кайтарып, Sputnik Эстонияны кайрадан иштетүү. Мен редакциянын жетекчиси катары колумдан келген нерсенин бардыгын кылууга даярмын. Мүмкүнчүлүк бар жерде үнүбүздү жеткирем. Европа коомчулугу Европа өлкөсүндө жайгашкан Эстонияда болуп жаткан башаламандык тууралуу билиши керек", — деген Черышева.

Шейшемби күнү Вышинский менен Черышева Страсбургда адам укуктары боюнча Европа кеңешинин комиссары Дуня Миятович менен жолугуп, Эстониядагы кырдаал тууралуу талкуулашкан.

"Миятовичке келгенибизда ал биз кийип жүргөн сары жилеттер менен Парижде жүрүү кооптуу экендигин эскертишти. Бирок биздин максат башка. Жилеттерди кийүүнүн себеби кесиптештерибиз менен тилектештигибизди көрсөткүбүз келет", — деген Вышинский

Өз кезегинде Черышева комиссардын Sputnik Эстониянын айланасындагы кырдаал тууралуу маалыматтын аз сыяктуу сезилгендигин кошумчалаган.

"Ошондуктан ал (Дуня Миятович — ред.) кошумча суроолорду берип, мен аларга илгиртпей жооп берип жаттым. Биз дал ушул нерсени көздөп барганбыз. Редакциянын тегерегиндеги көйгөйлөрдү болушунча түшүндүрүү болчу", — деген порталдын жетекчиси.

Sputnik агенттигинин логотиби жана Эстониянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстония жашоочулары: Sputnik агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу — цензура
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин жагдайга баа берип жатып, бийлик башка мамлекеттерде иштеп жаткан Sputnik агенттиктерин колдоо үчүн бардык аракеттерди көрө турганын айткан. РИА Новостиге Москвадагы белгилүү адам маек куруп жатып, эстон бийлигинин аракетине британ кураторлорунун тиешеси бар экендигин билдирген.

Ал эми "Репортеры без границ" (RSF) эл аралык уюму "Россия бүгүн" агенттигинин катына жооп берип, Эстониядагы орус тилдүү ЖМКлардын абалын талкуулап жатканын белгилеген. "Россия сегодня" эл аралык агенттиги Sputnik Эстонияга карата жүргүзүлүп жаткан саясатты карап чыгууну өтүнүп, журналисттердин өз милдетин аткаруусун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0