Бишкекте грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталат

© Фото / Валерий ГашеевВторой чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске
Второй чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын биринчилигинде мыкты жыйынтык көрсөткөндөр Филиппиндеги Азия чемпионатына жана Сербиядагы дүйнө чемпионатына катыша алат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбор калаада грэпплингдин UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү — ред.) версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында аталган федерациядан кабарлашты.

Мелдеш 8-9-февраль күндөрү Арча-Бешиктеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде болот.

Турнир эркектер жана кыздар арасында бир нече жаш курак боюнча өткөрүлөт:

  • Окуучулар — 14-15 жаш;
  • Кадеттер — 16-17 жаш;
  • Жаштар — 18-19 жаш;
  • Чоңдор — 20-35 жаш;
  • Чеберлер — 35 жаштан жогору.

Кыргызстандын биринчилигинде мыкты жыйынтык көрсөткөндөр Филиппиндеги Азия чемпионатына жана Сербиядагы дүйнө биринчилигине катыша алары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0