Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпионаты болот

Жазылуу
Мелдешке алты жаштан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар катышып, республиканын аймактарынан чогулган ондогон спортчу ат салышат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Борбор калаада жаштар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 3-12-январь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Ага алты жаштан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар катышат. Чемпионатта өлкө аймактарынан чогулган ондогон спортчу ат салышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0