00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан 4-5 жылдын ичинде электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айланууну көздөйт. Бул тууралуу Чек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсел Салахунов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өз аймагы аркылуу өткөрүп гана тим болбостон, өзүнүн логистикалык кызматтарын да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.Ал Кыргызстан, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын өнүгүшүнө тоскоол болгон маселелерди чечүү маанилүү экенин белгиледи. "Алардын катарында кыргызстандык сертификаттарды Кытай рыногунда таануу, электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жана соода мамилелерин жөнгө салган мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери бар", - деди ал. Салахуновдун айтымында, Кыргызстан үчүн Кытай рыногу артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык депозиттерин коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери Депозиттерди коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2 пайызга барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече жылдын ичинде эл акчаны көбүрөөк сала баштаган, тагыраагы, кепилденген аманаттардын көлөмү 10 эсеге, ал эми фонддогу каражаттын көлөмү үч эсеге жетпеген өлчөмдө көбөйгөн. Азыркы тапта ал депозиттин 4,3 пайызын гана жабат, бирок мыйзам боюнча, минималдуу чек 12 пайызды түзүшү керек.Экономика министрлиги мындан улам жаңы коюмдарды бекитүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Банктын туруктуулугуна жана кабыл алынуучу тобокелдиктердин деңгээлине жараша алар жалпы депозиттик базанын 0,4-0,5 пайызын түзөт. Министрлик бул чара элдин банктарга болгон ишенимин бекемдеп, аманаттарды коргоо системасын туруктуураак кылат деп белгилейт.
Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды.Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат.Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын ким экенин аныктоо талап кылынбайт. Башкача айтканда, жаран терминалга накталай акча салып, башка адамдын картасын, банк эсебин же электрондук капчыгын толуктай алат. Эгер документ кабыл алынса, акча салып жатканда жарандын паспортундагы маалыматтарды, терминалдын техникалык мүмкүнчүлүгү жетсе Face ID же Touch ID сурашы мүмкүн.Мындай чаранын негизги максаты кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоону жана кылмыштуу иштерди каржылоону азайтуу экени белгиленген.
Жыргалаңда курулуп жаткан лыжа трассаларында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мекемесинен билдиришти. "Жолугушууда кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды тосуу жана лыжа тебүү учуру
Жаңылыктар түрмөгү
0