00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев кытайлык инвесторлорго эки-үч жыл ичинде жогорку технологиялык биргелешкен 100 ишкана түзүүнү сунуштады. Ал Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда сүйлөгөн. "Кыргызстанды 7,5 миллион гана калкы бар, базары чакан өлкө катары карабаңыздар. Республикабыз ЕАЭБдин курамында. Ал Борбор Азиядагы өсүп келе жаткан базар жана жаңы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан транспорттук коридору. Бирок бизге жөн гана транзиттик каттам катары калуу жетишсиз. Биз анын боюнда туруп товар өндүрүп, анын тегерегине өнөр жай аймактарын жана логистикалык борборлорду кургубуз келет", — деди Сариев. Эскерте кетсек, форум ишин бүгүн баштады. Ага Кыргызстан менен Кытайдын инвестор, ишкер жана мамлекеттик кызматкерлеринен 300дөй өкүл катышууда.
Кыргызстан соода-логистикалык борбор куруу үчүн Кытайдан жер сатып алганын Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-кытай бизнес-форумунда билдирди. Анын айтымында, республика Сиань шаарынан 9 гектар жер алган. Ал жакта Сиань — Кашкар — Ош багыты боюнча соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Ошондой эле Ошто да транзиттик-логистикалык борбор түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды. Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат.
Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга катталуусуна мыйзам аркылуу тыюу салуу сунушталууда. Президент Касым-Жомарт Токаев демилгени колдоп, аны ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Бул тууралуу Казинформ жазды. Токаевдин айтымында, мындай чаралар учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө киргизилүүдө. Ал мыйзам кабыл алынган учурда анын толук аткарылышын камсыз кылган механизмдер да иштелип чыгышы керектигин белгиледи. Мындан тышкары, Токаев онлайн-платформалар жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдарды өркүндөтүп, маалымат мейкиндигинде жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.
АКШнын Иран менен кармашы америка армиясын финансылык кыйынчылыкка кептеп, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчилигин атайын каржы фондунун акчаларын аскердик күнүмдүк чыгымдарга бөлүүгө аргасыз кылды. Бул туурасында Guardian басылмасы Пентагондун ички документтерине таянып жазды.Басылманын маалыматына таянсак, кармаш жана деңиздеги чектеп туруусу ок-дарынын корун түгөтүп, аталган тармакты тиешелүү каражаттан тумтак калуу кооптуулугуна кептеди. Басылманын колуна тийген Пентагондун кызматтык катында аскерлердин айлыгына акча жетпей калышы мүмкүн экени эскертилген. Мындай абал мекемени тартыштыкты бюджеттин колдонула элек беренелеринин эсебинен жабууга жана жээк инфраструктурасындагы шашылыш эмес оңдоо иштерин кийинкиге калтырууга мажбур кылган.Гезит белгилегендей, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 2026-жылдагы 300 миллиард доллардай бюджетинде Тегеранга каршы согуштун чыгымдары каралган эмес. Ошол эле учурда Ак үй сурап жаткан 67 миллиард долларлык чукул каржылоо пакетин Конгресс бекитип берери да күмөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0