https://sputnik.kg/20260829/1103283327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Эл душмандарына ырайым болбойт. Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн катуу тартипке чакырды. Президент "Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрүнүн гарнизондук бөлүштүрүүсүндө... 29.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-29T12:59+0600
2026-08-29T12:59+0600
2026-08-29T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1d/1103283161_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3d15274f1592c7517897674450653246.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Эл душмандарына ырайым болбойт. Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн катуу тартипке чакырды. Президент "Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрүнүн гарнизондук бөлүштүрүүсүндө сүйлөп, өлкөдө дүрбөлөң жаратууга аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирди. “Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек. Андайларга ырайым болбойт”, — деди президент. ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коопсуздукту 15 миң кызматкер камсыздайт. “Коопсуздук” иш-чарасына ИИМ жооптуу болуп бекитилип, ага Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, прокуратура, Салык, Бажы, Жаза аткаруу жана Чек ара кызматтары, ошондой эле Сот департаменти тартылды. Иш-чарада күч түзүмдөрүнө жаңы үлгүдөгү техникалык каражаттар да тапшырылды.
Талас облусунда "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо жана жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Аймактагы пресс-турдун алкагында журналисттерге комплексте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көрсөтүлдү. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, учурда комплекстин аймагындагы негизги реконструкциялоо иштери соңуна чыгып калды. "Долбоордун алкагында кыргыздын улуттук боз үйүнүн формасында жети жаңы имарат курулду. Алардын ар бири Кыргызстандын жети облусунун биринин атын алып, келген конокторду кабыл алууга арналат. Мында келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. "Манас Ордо" комплексинин аймагында санитардык талаптарга жооп берген атайын мал союучу жай курулууда", - деди ал. Анын маалыматына караганда, мындай жайдын курулушу комплекске зыярат кылуучулардын жана коноктордун көптүгү менен байланыштуу. Жыл сайын бул жерде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлүп, 4 миңден ашык кой союлат.
Кыргызстан 4-5 жылдын ичинде электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айланууну көздөйт. Бул тууралуу Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда журналисттерге берген маегинде Чек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсел Салахунов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өз аймагы аркылуу өткөрүп гана тим болбостон, өзүнүн логистикалык кызматтарын да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. "Президент Садыр Жапаров өкмөт жана бизнес коомчулугу алдына 4-5 жылдын ичинде Кыргызстанды электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айлантуу милдетин койду. Биз Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өткөрүп гана тим болбостон, логистикалык кызматтарды да көрсөтүшүбүз керек. Анын ичинде товарларды иштетүү, таңгактоо, маркалоо жана башка процесстер бар. Мындан Кыргызстан киреше таба алат", - деди Салахунов. Ал Кыргызстан, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын өнүгүшүнө тоскоол болгон маселелерди чечүү маанилүү экенин белгиледи.
Эл душмандарына ырайым болбойт. Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн катуу тартипке чакырды. Президент "Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрүнүн гарнизондук бөлүштүрүүсүндө сүйлөп, өлкөдө дүрбөлөң жаратууга аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирди. “Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек. Андайларга ырайым болбойт”, — деди президент. ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коопсуздукту 15 миң кызматкер камсыздайт. “Коопсуздук” иш-чарасына ИИМ жооптуу болуп бекитилип, ага Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, прокуратура, Салык, Бажы, Жаза аткаруу жана Чек ара кызматтары, ошондой эле Сот департаменти тартылды. Иш-чарада күч түзүмдөрүнө жаңы үлгүдөгү техникалык каражаттар да тапшырылды.Талас облусунда "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо жана жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Аймактагы пресс-турдун алкагында журналисттерге комплексте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көрсөтүлдү. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, учурда комплекстин аймагындагы негизги реконструкциялоо иштери соңуна чыгып калды. "Долбоордун алкагында кыргыздын улуттук боз үйүнүн формасында жети жаңы имарат курулду. Алардын ар бири Кыргызстандын жети облусунун биринин атын алып, келген конокторду кабыл алууга арналат. Мында келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. "Манас Ордо" комплексинин аймагында санитардык талаптарга жооп берген атайын мал союучу жай курулууда", - деди ал. Анын маалыматына караганда, мындай жайдын курулушу комплекске зыярат кылуучулардын жана коноктордун көптүгү менен байланыштуу. Жыл сайын бул жерде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлүп, 4 миңден ашык кой союлат. Кыргызстан 4-5 жылдын ичинде электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айланууну көздөйт. Бул тууралуу Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда журналисттерге берген маегинде Чек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсел Салахунов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өз аймагы аркылуу өткөрүп гана тим болбостон, өзүнүн логистикалык кызматтарын да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. "Президент Садыр Жапаров өкмөт жана бизнес коомчулугу алдына 4-5 жылдын ичинде Кыргызстанды электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айлантуу милдетин койду. Биз Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өткөрүп гана тим болбостон, логистикалык кызматтарды да көрсөтүшүбүз керек. Анын ичинде товарларды иштетүү, таңгактоо, маркалоо жана башка процесстер бар. Мындан Кыргызстан киреше таба алат", - деди Салахунов. Ал Кыргызстан, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын өнүгүшүнө тоскоол болгон маселелерди чечүү маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1d/1103283161_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f4f635d8f22e37d57c04f93b47e63f8c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио