00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Миграциялык саясаттын II этабы: эмгек миграциясы жана мекенге кайтуу
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукциясынын экспортун 1,5 эсе көбөйттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз-кытай бизнес форумунда билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын беш айында эле 73 миллион доллардан ашык акчага товар жөнөтүлгөн. "Биздин максат — айыл чарба продукциясын чийки зат катары эле сатпай, аны кайра иштетип, даяр азык-түлүк чыгарууну көбөйтүү. Бул үчүн Кытай менен биргелешкен ишканаларды түзүп, логистиканы да өнүктүрөбүз", — деген аткаминер. Бүгүн Бишкекте Кыргыз-кытай бизнес форуму башталды. Ага эки өлкөдөн 300гө жакын инвестор, ишкер жана мамлекеттик кызматкер катышып жатат.
Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык депозиттерин (аманаттарын) коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери Депозиттерди коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2 пайызга барабар суммасын которуп турууга тийиш.Бирок бир нече жылдын ичинде эл акчаны көбүрөөк сала баштаган, тагыраагы, кепилденген аманаттардын көлөмү 10 эсеге, ал эми фонддогу каражаттын көлөмү үч эсеге жетпеген өлчөмдө көбөйгөн. Азыркы тапта ал депозиттин 4,3 пайызын гана жабат, бирок мыйзам боюнча, минималдуу чек 12 пайызды түзүшү керек. Экономика министрлиги мындан улам жаңы коюмдарды бекитүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Банктын туруктуулугуна жана кабыл алынуучу тобокелдиктердин деңгээлине жараша алар жалпы депозиттик базанын 0,4-0,5 пайызын түзөт. Министрлик бул чара элдин банктарга болгон ишенимин бекемдеп, аманаттарды коргоо системасын туруктуураак кылат деп белгилейт.
Бишкекте мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо үчүн курьерлер текшерилгенин УКМК билдирди. Рейддер ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте жүргөн. Текшерүү учурунда турак жайлар, коммерциялык объектилер каралып, жыйынтыгында 156 чет өлкөлүк Бишкек милициясына алып келинген. Протоколдор түзүлүп, 1 миллион 148 миң сомдук айып чегерилди. Ал эми андан кийин өткөн "Нелегал мотокурьер" рейдинде өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 43 чет өлкөлүк жаран аныкталып, булардын мототранспорт айдаганга уруксат берген документтери жок болуп чыккан. Жалпы 322 миң сом айып салынганы айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамптын "Америка" деп өзгөртүү ниетине карабай, Онтарио көлү өз аталышын сактап калат. Бул туурасында Канаданын премьер-министри Марк Карни айтканын РИА Новости жазды."400 жылдан ашык ушундай аталып келет. Ал Канада конфедерациясы түзүлгөнгө жана АКШнын Эгемендик декларациясы кабыл алынганга чейин эле бар болчу", — деген өкмөттүн башчысы.Премьер "Америка өзгөрүп жатканын" Канада жакшы түшүнүп турганын да баса белгилеген."Соода байланыштары, тышкы саясат, улуттук эстеликтер, ал турсун, суулардын аталыштары да өзгөрүүдө. Канадалыктар ар бир нерсени өзүнүн ысымы менен атоо, анын ичинде көл да Онтарио боюнча калышы керектигин жакшы билет. Ушундай боло келген, азыр деле ошол калыбында калат", — деген Карни.
Жаңылыктар түрмөгү
0