https://sputnik.kg/20260828/1103274144.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров адам өмүрү кыйылган апааттуу кырсыктан улам Кытай менен Непалдын башчылары Си Цзиньпин жана Рам Чандра Пауделге көңүл айтты. Бул... 28.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-28T17:00+0600
2026-08-28T17:00+0600
2026-08-28T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1c/1103273978_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_979a80e7805e114c50bbd77019edd7ae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров адам өмүрү кыйылган апааттуу кырсыктан улам Кытай менен Непалдын башчылары Си Цзиньпин жана Рам Чандра Пауделге көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Эки лидерге жолдонгон телеграммада аталган мамлекеттердин чек арасында суу ташкындап, адамдар каза болуп жана дайынсыз жоголгонуна санаа тартып, аза кайгысын тең бөлүшөрү айтылат. Кырсык 26-августта Тибет тоолорунан түшкөн Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндөн кийин болгон. Непалдын Тышкы иштер министрлиги апаатка жер титирөө жана андан кийинки жер көчкү себеп болгонун билдирди. Адистер сел мөңгүнүн урашынан жана көлдүн жырылышынан да келип чыгышы мүмкүн экенин айтышкан.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген координаторлор менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Бишкекте өтө турган мамлекет башчылары кеңешинин юбилейлик саммитинин алдында уюштурулду. Тышкы саясий ведомствонун башчысы улуттук координаторлордун алдыдагы саммиттин мазмундуу бөлүгүн даярдоодогу, документтерди макулдашуудагы жана маанилүү чечимдерди иштеп чыгуудагы салымын жогору баалады. Министр Бишкек саммити уюмдун өнүгүшүндө, өз ара ишенимди, ынак коңшулукту жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү этап болорун белгиледи. ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун атынан РФ президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов сүйлөдү. Ал Кыргызстандын төрагалык мезгилиндеги ырааттуу ишмердүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарапты өлкө эгемендигинин 35 жылдыгы жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды. Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат. Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын ким экенин аныктоо талап кылынбайт. Башкача айтканда, жаран терминалга накталай акча салып, башка адамдын картасын, банк эсебин же электрондук капчыгын толуктай алат. Эгер документ кабыл алынса, акча салып жатканда жарандын паспортундагы маалыматтарды, терминалдын техникалык мүмкүнчүлүгү жетсе Face ID же Touch ID сурашы мүмкүн. Мындай чаранын негизги максаты кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоону жана кылмыштуу иштерди каржылоону азайтуу экени белгиленген.
Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1000 дарыгерге каралган.Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде бул программага катыша турган адистерди тандап алуу тартибин бекитет. Жобо расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Садыр Жапаров адам өмүрү кыйылган апааттуу кырсыктан улам Кытай менен Непалдын башчылары Си Цзиньпин жана Рам Чандра Пауделге көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Эки лидерге жолдонгон телеграммада аталган мамлекеттердин чек арасында суу ташкындап, адамдар каза болуп жана дайынсыз жоголгонуна санаа тартып, аза кайгысын тең бөлүшөрү айтылат. Кырсык 26-августта Тибет тоолорунан түшкөн Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндөн кийин болгон. Непалдын Тышкы иштер министрлиги апаатка жер титирөө жана андан кийинки жер көчкү себеп болгонун билдирди. Адистер сел мөңгүнүн урашынан жана көлдүн жырылышынан да келип чыгышы мүмкүн экенин айтышкан. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген координаторлор менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Бишкекте өтө турган мамлекет башчылары кеңешинин юбилейлик саммитинин алдында уюштурулду. Тышкы саясий ведомствонун башчысы улуттук координаторлордун алдыдагы саммиттин мазмундуу бөлүгүн даярдоодогу, документтерди макулдашуудагы жана маанилүү чечимдерди иштеп чыгуудагы салымын жогору баалады. Министр Бишкек саммити уюмдун өнүгүшүндө, өз ара ишенимди, ынак коңшулукту жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү этап болорун белгиледи. ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун атынан РФ президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов сүйлөдү. Ал Кыргызстандын төрагалык мезгилиндеги ырааттуу ишмердүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарапты өлкө эгемендигинин 35 жылдыгы жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды. Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат. Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын ким экенин аныктоо талап кылынбайт. Башкача айтканда, жаран терминалга накталай акча салып, башка адамдын картасын, банк эсебин же электрондук капчыгын толуктай алат. Эгер документ кабыл алынса, акча салып жатканда жарандын паспортундагы маалыматтарды, терминалдын техникалык мүмкүнчүлүгү жетсе Face ID же Touch ID сурашы мүмкүн. Мындай чаранын негизги максаты кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоону жана кылмыштуу иштерди каржылоону азайтуу экени белгиленген.Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1000 дарыгерге каралган.Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде бул программага катыша турган адистерди тандап алуу тартибин бекитет. Жобо расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1c/1103273978_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d1cba205f4ea8f08d0c6e8a0736fc9e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио