https://sputnik.kg/20260805/1102794835.html
Түшүм жыйноо маалы: өлкө быйыл өзүн негизги азык-түлүк менен толук камсыздай алабы?
Түшүм жыйноо маалы: өлкө быйыл өзүн негизги азык-түлүк менен толук камсыздай алабы?
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети күзгү талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү максатында дыйкандарга литри 81 сомдон жалпы 7 миллион литр... 05.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-05T11:04+0600
2026-08-05T11:04+0600
2026-08-05T11:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102794665_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_89356d9f5b5872b2480b8e0e14eadaf2.jpg
Түшүм жыйноо маалы: өлкө быйыл өзүн негизги азык-түлүк менен толук камсыздай алабы?
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети күзгү талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү максатында дыйкандарга литри 81 сомдон жалпы 7 миллион литр дизель майын жеңилдетилген баада бөлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул мамлекеттик колдоо дыйкандардын чыгымдарын азайтып, жыйым-терим иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө багытталган.
23-июлга карата анын 2 миллион 744 миң 600 литри дыйкандарга жеткирилди. Анын ичинен Ош облусуна 572 миң 250 литр, Ысык-Көл облусуна 596 миң 850 литр, Нарын облусуна 746 миң 600 литр, Жалал-Абад облусуна 359 миң 550 литр, Чүй облусуна 236 миң 300 литр, Баткен облусуна 189 миң 350 литр жана Талас облусуна 43 миң 700 литр дизель майы бөлүнгөн. Учурда дагы 4 миллион 255 миң 400 литр дизель майы жеңилдетилген баада берүү үчүн каралган.
Ошол эле учурда өлкөнүн Чүй облусунда дан эгиндерин жыйноо башталып, Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда арпа толук жыйналып, буудайды оруп-жыйноо иштери уланууда. Министрлик быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрүнөн жакшы түшүм алууну мерчемдеп жатат. Быйылкы түшүмдүн көлөмү кандай болот? Өлкө буудай, картошка, жашылча-жемиш жана мөмө-жемиштер менен өзүн канчалык деңгээлде камсыздай алат? Дыйкандарга мамлекеттик колдоо дагы кандай багыттарда уланат? Экспорттук мүмкүнчүлүктөр кандай жана түшүмдү сатуу маселеси кандай чечилет?
Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Идрисов менен маек курдук.
Министрлер кабинети күзгү талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү максатында дыйкандарга литри 81 сомдон жалпы 7 миллион литр дизель майын жеңилдетилген баада бөлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул мамлекеттик колдоо дыйкандардын чыгымдарын азайтып, жыйым-терим иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө багытталган. 23-июлга карата анын 2 миллион 744 миң 600 литри дыйкандарга жеткирилди. Анын ичинен Ош облусуна 572 миң 250 литр, Ысык-Көл облусуна 596 миң 850 литр, Нарын облусуна 746 миң 600 литр, Жалал-Абад облусуна 359 миң 550 литр, Чүй облусуна 236 миң 300 литр, Баткен облусуна 189 миң 350 литр жана Талас облусуна 43 миң 700 литр дизель майы бөлүнгөн. Учурда дагы 4 миллион 255 миң 400 литр дизель майы жеңилдетилген баада берүү үчүн каралган. Ошол эле учурда өлкөнүн Чүй облусунда дан эгиндерин жыйноо башталып, Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда арпа толук жыйналып, буудайды оруп-жыйноо иштери уланууда. Министрлик быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрүнөн жакшы түшүм алууну мерчемдеп жатат. Быйылкы түшүмдүн көлөмү кандай болот? Өлкө буудай, картошка, жашылча-жемиш жана мөмө-жемиштер менен өзүн канчалык деңгээлде камсыздай алат? Дыйкандарга мамлекеттик колдоо дагы кандай багыттарда уланат? Экспорттук мүмкүнчүлүктөр кандай жана түшүмдү сатуу маселеси кандай чечилет? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Идрисов менен маек курдук.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102794665_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c468d87972bbf7351ca360b84bbc36b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Түшүм жыйноо маалы: өлкө быйыл өзүн негизги азык-түлүк менен толук камсыздай алабы?
11:04 05.08.2026 (Жаңыртылды: 11:26 05.08.2026) Коноктор
Туратбек Идрисов, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын жетекчиси