00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новые технологии и цена ошибки: как меняется современная хирургия
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда “Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, анын бардык милдеттери, мүлктөрү жана кызматкерлери президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүп берилет. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. “Бул чечим санариптештирүү тармагындагы бири-бирин кайталаган функцияларды жоюу жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды. Буга чейин мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, жаңылоо жана техникалык жактан тейлөө иштери бир эле учурда “Түндүк” ААКы менен “Кызмат” мекемесине жүктөлүп, эки тараптуу кайталоолорду жана чыгымдарды жаратып келген”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы турукташканга чейин өкмөт аны субсидиялоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Кыргыз туусуна" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу. "Биз дагы азыркы бааларды адилетсиз деп эсептейбиз, алар мурдагы калыбына кайтат деп ойлойм. Андыктан өкмөт баа турукташканга чейин бул тармакты субсидиялоо чечимин кабыл алды. Бул — бюджет үчүн олуттуу кадам, себеби ал салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Бирок калктын кирешесин сактап калуу — министрлер кабинетинин негизги милдеттеринин бири", — деди Амангелдиев. Ал ошондой эле экономиканы колдоо жана бааны кармап туруу боюнча планга бюджеттен 2026-2027-жылдарга карата болжол менен 38,8 миллиард сом багытталарын айтты.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери биргелешип ачкан өндүрүш долбоорлоруна жеңилдетилген насыя берүү программасы иштеп жатат. Анда насыя пайызынын көп бөлүгүн биримдик өзү төлөп берет. Бул тууралуу Кыргыз өндүрүүчүлөр жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, арзан насыя алуу үчүн негизги шарт — кеминде 3 мамлекеттин ишкерлери биригип ишкана ачышы керек. “Мисалы, Кыргызстан, Казакстан жана Беларустун ишкерлери чогуу завод же цех ачып продукция чыгарса, каалаган банктан насыя алса болот. Эгер банктын үстөк пайызы 18% болсо, анын 12 пайызын ЕАЭБ төлөп берет. Натыйжада ишкер болгону 6 пайыз менен арзан насыяга ээ болот”, — деп түшүндүрдү Ибраев. Каражат өнөр жай, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, техника жана жабдууларды алып келүүгө берилет. Бул механизм боюнча Кыргызстандан сунушталган алгачкы эки долбоор колдоо таап, иштей баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0