https://sputnik.kg/20260828/1103260568.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Кыргызстан — Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат. Иш-чара... 28.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-28T11:00+0600
2026-08-28T11:00+0600
2026-08-28T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1c/1103260402_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_471ac67b82c7c6b15aea123305b7d678.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Кыргызстан — Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат. Иш-чара мамлекеттик органдардын, өнүгүү институттарынын, каржылык уюмдардын жана Кыргызстан менен Кытайдын ишкелер чөйрөсүнүн 300дөй өкүлүнүн башын бириктирди. Катышуучулар инвестициялык кызматташууну, өнөр жай кооперациясын, өндүрүш, транспорттук, энергетикалык жана логистикалык инфраструктураны, заманбап жана "жашыл" технологияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда. Форумдун алкагында эки тараптуу B2B жолугушуулар пландалууда, мында Кыргызстан менен Кытайдын компаниялары долбоорлорун көрсөтүп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун жолдору сөз болмокчу. Жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана башка документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Уюштуруучулар Кытай лидери Си Цзинпиндин Кыргызстанга болчу сапарынын алдында өтүп жаткан форум эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө, ишкерлердин алакасын жөнгө салууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болорун белгилешти. Инвестиция боюнча улуттук агенттик жакынкы арада Кыргыз-герман ишкерлер кеңеши жана Корея менен Борбор Азия бизнес-саммитин өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады. Ал эми күзүндө II "Борбор Азия жана араб мамлекеттери" инвестициялык форум өтмөкчү.
Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин сөөгүн жакындары тааныганын Ош облустук милициясынан билдиришти. Альпинисттердин бири Беларустун жараны Максим Полянский, экинчиси Литванын жараны Сергей Рубцов экени белгилүү болду. Эми маркумдарды мекенине жөнөтүү маселеси каралып жатат. Куткаруучулардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү жагдайлар жаралгандыктан үчүнчү альпинистти издөө иштери кечээ токтотулган. Куткаруучулар сөөктөрдү 25-августта тоодон түшүргөн. Алар тик учак менен Сары-Ташка, андан ары милициянын коштоосунда Ош шаарындагы өлүкканага жеткирилген. Эске салсак, Корумду чокусунда Беларустун жарандары Максим Полянский менен Николай Свиридов жана Литванын жараны Сергей Рубцов каза болгон. Топ чокуга 2-августта чыгып, 4-августта базалык лагерге түшүүнү баштамак, бирок ошондон кийин альпинисттер байланышка чыкпай калган.
Аялдарды мажбурлап мобилизациялоону сунуштаган мыйзам долбоору Украинанын түбүнө жетет. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы премьер-министри Николай Азаров айтканын РИА Новости жазды.Августтун башында украин өкмөтүнүн сайтында бала-чакасы жок аялдарды аскерге чакырган петиция пайда болгон. Бул демилгенин тарапташтары "Мекенди коргоо — ар бир жарандын милдети" деген конституциялык принципти жүзөгө ашыруу үчүн ушундай кадамга баруу керектигин жүйө келтиришкен.Ал арада АКШ президентинин мурдагы атайын өкүлү Кит Келлог Украинадагы кыз-келиндер армияга мобилизацияланышы керектигин айтып, алар "эркектерден кем эмес согушат" деген билдирүү жасаган. Генерал бул демилгени жеке өзүнүн тажрыйбасынан улам айткан. Маалыматта кызы Афганстандагы согушта, ал эми жубайы Гренадада десантчы болгондуктан, ал кыз-келиндердин аскерге барышынан эч кандай өөн нерсени көрбөстүгүн айтканы жазылган.Азаров мындай жорук ансыз да демографиялык процесс солгундап турган украин элинин тагдырына балта чаба турганын айтты. Ал мыйзам долбоору колдоого алынбайт деген ишенимин билдирген.
Бишкекте "Кыргызстан — Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат. Иш-чара мамлекеттик органдардын, өнүгүү институттарынын, каржылык уюмдардын жана Кыргызстан менен Кытайдын ишкелер чөйрөсүнүн 300дөй өкүлүнүн башын бириктирди. Катышуучулар инвестициялык кызматташууну, өнөр жай кооперациясын, өндүрүш, транспорттук, энергетикалык жана логистикалык инфраструктураны, заманбап жана "жашыл" технологияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда. Форумдун алкагында эки тараптуу B2B жолугушуулар пландалууда, мында Кыргызстан менен Кытайдын компаниялары долбоорлорун көрсөтүп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун жолдору сөз болмокчу. Жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана башка документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Уюштуруучулар Кытай лидери Си Цзинпиндин Кыргызстанга болчу сапарынын алдында өтүп жаткан форум эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө, ишкерлердин алакасын жөнгө салууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болорун белгилешти. Инвестиция боюнча улуттук агенттик жакынкы арада Кыргыз-герман ишкерлер кеңеши жана Корея менен Борбор Азия бизнес-саммитин өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады. Ал эми күзүндө II "Борбор Азия жана араб мамлекеттери" инвестициялык форум өтмөкчү.Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин сөөгүн жакындары тааныганын Ош облустук милициясынан билдиришти. Альпинисттердин бири Беларустун жараны Максим Полянский, экинчиси Литванын жараны Сергей Рубцов экени белгилүү болду. Эми маркумдарды мекенине жөнөтүү маселеси каралып жатат. Куткаруучулардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү жагдайлар жаралгандыктан үчүнчү альпинистти издөө иштери кечээ токтотулган. Куткаруучулар сөөктөрдү 25-августта тоодон түшүргөн. Алар тик учак менен Сары-Ташка, андан ары милициянын коштоосунда Ош шаарындагы өлүкканага жеткирилген. Эске салсак, Корумду чокусунда Беларустун жарандары Максим Полянский менен Николай Свиридов жана Литванын жараны Сергей Рубцов каза болгон. Топ чокуга 2-августта чыгып, 4-августта базалык лагерге түшүүнү баштамак, бирок ошондон кийин альпинисттер байланышка чыкпай калган. Аялдарды мажбурлап мобилизациялоону сунуштаган мыйзам долбоору Украинанын түбүнө жетет. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы премьер-министри Николай Азаров айтканын РИА Новости жазды.Августтун башында украин өкмөтүнүн сайтында бала-чакасы жок аялдарды аскерге чакырган петиция пайда болгон. Бул демилгенин тарапташтары "Мекенди коргоо — ар бир жарандын милдети" деген конституциялык принципти жүзөгө ашыруу үчүн ушундай кадамга баруу керектигин жүйө келтиришкен.Ал арада АКШ президентинин мурдагы атайын өкүлү Кит Келлог Украинадагы кыз-келиндер армияга мобилизацияланышы керектигин айтып, алар "эркектерден кем эмес согушат" деген билдирүү жасаган. Генерал бул демилгени жеке өзүнүн тажрыйбасынан улам айткан. Маалыматта кызы Афганстандагы согушта, ал эми жубайы Гренадада десантчы болгондуктан, ал кыз-келиндердин аскерге барышынан эч кандай өөн нерсени көрбөстүгүн айтканы жазылган.Азаров мындай жорук ансыз да демографиялык процесс солгундап турган украин элинин тагдырына балта чаба турганын айтты. Ал мыйзам долбоору колдоого алынбайт деген ишенимин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1c/1103260402_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9dec526264538d816b7502d5fe3b1615.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио