https://sputnik.kg/20260829/1103282254.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 29.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-29T11:00+0600
2026-08-29T11:00+0600
2026-08-29T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1d/1103282088_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_83a83e19d95998d8f4d4efba5eb7fbf5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1000 дарыгерге каралган. Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде бул программага катыша турган адистерди тандап алуу тартибин бекитет. Жобо расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандардын ортосунда болгон чыр-чатак боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, милицияга чет өлкөлүк жарандардын ортосунда атышуу жана мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, чет өлкөлүктөрдүн ортосунда оозеки кайым айтышуу болуп, ал катышуучулар жашап жаткан убактылуу турак жайдагы мушташка айланган. “Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматты каттоо журналына катталды. Милиция кызматкерлери окуяга катышкандардын бардыгынын өздүгүн аныктап, Тергөө кызматына жеткиришти. Учурда сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ар бир катышуучунун аракеттерине укуктук баа берилет”,–деп айтылат маалыматта.
Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмунун чемпиондук курун Кыргызстанга алып келүүнү убадалады. “Жеңилгениме карабай, силердин колдооңорду сезип жатам. Биз олуттуу даярданганбыз. Эмнеси болсо да ар бир иштин кайыры бар. Жеңилгениме карабай мени колдоп жатасыңар. Сөз берем, Алла Таала буюрса, чемпиондук курду Кыргызстанга алып келебиз”, — деди ал соцтармактагы баракчасында.
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө инновацияларды колдоонун толук кандуу системасын түзүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин жума күнү Нижний Новгородго иш сапары менен барып, "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форумуна катышты. Ал Россиянын бардык аймактары өз технологияларын колдонуп, алар менен сыймыктанууга тийиш экенин белгиледи. “Биз өзүбүздүн товарларга туруктуу кардар таап, жаңы ойлоп табууларды колдогон толук система түзүшүбүз керек. Ал эми келечекти алдын ала көрүп, ал үчүн кандай адистер менен жөндөмдөр керектелерин так билүү — бул агенттиктин эң күчтүү жагы”, — деди Путин. Стратегиялык демилгелер агенттиги жана "Росконгресс" фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форуму Нижний Новгороддо 27-28-августта өтүүдө.
2027–2028-жылдары ШКУга Россия төрагалык кылат. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады: ▪️ Путин 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте болот ▪️ Россиянын делегациясына тышкы иштер министри Сергей Лавров, вице-премьер Алексей Оверчук жана президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Максим Орешкин кирет ▪️ Саммиттин алкагында Путин Кыргызстан, Кытай, Иран, Монголия, Тажикстан жана Түркиянын президенттери, ошондой эле Армения менен Индиянын премьер-министрлери менен жолугат ▪️ Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Казанда өтөт. Бул тууралуу ШКУ саммитинде расмий жарыяланат.
Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1000 дарыгерге каралган. Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде бул программага катыша турган адистерди тандап алуу тартибин бекитет. Жобо расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандардын ортосунда болгон чыр-чатак боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, милицияга чет өлкөлүк жарандардын ортосунда атышуу жана мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, чет өлкөлүктөрдүн ортосунда оозеки кайым айтышуу болуп, ал катышуучулар жашап жаткан убактылуу турак жайдагы мушташка айланган. “Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматты каттоо журналына катталды. Милиция кызматкерлери окуяга катышкандардын бардыгынын өздүгүн аныктап, Тергөө кызматына жеткиришти. Учурда сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ар бир катышуучунун аракеттерине укуктук баа берилет”,–деп айтылат маалыматта.Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмунун чемпиондук курун Кыргызстанга алып келүүнү убадалады. “Жеңилгениме карабай, силердин колдооңорду сезип жатам. Биз олуттуу даярданганбыз. Эмнеси болсо да ар бир иштин кайыры бар. Жеңилгениме карабай мени колдоп жатасыңар. Сөз берем, Алла Таала буюрса, чемпиондук курду Кыргызстанга алып келебиз”, — деди ал соцтармактагы баракчасында.Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө инновацияларды колдоонун толук кандуу системасын түзүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин жума күнү Нижний Новгородго иш сапары менен барып, "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форумуна катышты. Ал Россиянын бардык аймактары өз технологияларын колдонуп, алар менен сыймыктанууга тийиш экенин белгиледи. “Биз өзүбүздүн товарларга туруктуу кардар таап, жаңы ойлоп табууларды колдогон толук система түзүшүбүз керек. Ал эми келечекти алдын ала көрүп, ал үчүн кандай адистер менен жөндөмдөр керектелерин так билүү — бул агенттиктин эң күчтүү жагы”, — деди Путин. Стратегиялык демилгелер агенттиги жана "Росконгресс" фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форуму Нижний Новгороддо 27-28-августта өтүүдө.2027–2028-жылдары ШКУга Россия төрагалык кылат. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады: ▪️ Путин 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте болот ▪️ Россиянын делегациясына тышкы иштер министри Сергей Лавров, вице-премьер Алексей Оверчук жана президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Максим Орешкин кирет ▪️ Саммиттин алкагында Путин Кыргызстан, Кытай, Иран, Монголия, Тажикстан жана Түркиянын президенттери, ошондой эле Армения менен Индиянын премьер-министрлери менен жолугат ▪️ Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Казанда өтөт. Бул тууралуу ШКУ саммитинде расмий жарыяланат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1d/1103282088_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0d36b98a8cb1d6cba2a36bc5fa1fed06.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио