00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Структура личности
Ачахмат Чекунов о самой опасной операции своей карьеры
18:08
35 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 2026-жылдын 1-сентябрында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Бул иш-чараларга Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди, Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Мисир Араб Республикасынын вице-премьер-министри Хусейн Иса катышат.Иш-чарага ошондой эле БУУнун, КМШнын, ЖККУнун, ЕАЭБдин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты жакшырып, андагы запас дагы 10 муунга жете турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Рустамбек Садыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Жетекчинин айтымында, мурда Кара-Кече көмүрүнүн бир килограммындагы калория 3,8 миң килокалориядан ашчу эмес. Азыр көрсөткүч 4,5 миңден 4,9 миң килокалорияга чейин жетет. Бул учурда көмүр кендин кыйла терең катмарларынан казылып жатканы менен байланыштуу. Ишкана башчысы кендин расмий тастыкталган запасы 400 миллион тоннаны түзөрүн белгилеп, казуу иштери азыркыдай ыргакта болсо, тагыраагы жылына 1,3-1,5 миллион тонна көмүр өндүрүлүп турса, бул запас 400 жылга жетерин кошумчалады. "Көмүр тартыштыгы жок, анын запасы дагы 10 муунга жетет", — деди Садыралиев. Ал ошондой эле элди көмүрдү кыш түшкөнчө сатып алууга чакырып, учурда көмүр базаларга жеткирилип жатканын билдирди.
Бишкектин борборунда электр самокат айдоого убактылуу тыюу салынды Мэриянын маалыматына ылайык, чектөө ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу киргизилди. Электр самокаттарды Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аймакта айдоого болбойт.
Кыргызстандык балбандар Польшаданын ордо калаасы Варшавада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open — 2026 эл аралык турниринде алты медаль алышты. Маалыматта анын үчөө алтын, үчөө коло экени айтылат. Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев, Мээрим Жуманазарова алтын байге алышкан. Ал эми коло медалга Афтандил Таалайбек уулу, Гүлнура Таштанбекова, Сезим Жуманазарова ээ болду. 26-августта башталган турнир эртең, 30-августта жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0