https://sputnik.kg/20260829/1103287249.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан соода-логистикалык борбор куруу үчүн Кытайдан жер сатып алганын Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-кытай... 29.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-29T16:59+0600
2026-08-29T16:59+0600
2026-08-29T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1d/1103287083_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d95bbcda7252e888c2f680fdd7a0604.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан соода-логистикалык борбор куруу үчүн Кытайдан жер сатып алганын Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-кытай бизнес-форумунда билдирди. Анын айтымында, республика Сиань шаарынан 9 гектар жер алган. Ал жакта Сиань — Кашкар — Ош багыты боюнча соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Ошондой эле Ошто да транзиттик-логистикалык борбор түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды. Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат.
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 гектар жер үч аймакка кошулат Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берген жер тилкелеринин эсебинен Кадамжай жана Кара-Суу шаарларынын, ошондой эле Керме-Тоо айыл аймагынын административдик чек арасын кеңейтүү сунушталууда. Документке ылайык: Кадамжай шаарына — 241,5 гектар; Кара-Суу шаарына — 106 гектар; Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагына — 190,44 гектар жер кошулат. Жер тилкелери инвентаризациядан өтүп, тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Эми алардын жаңыланган карталары менен административдик чек араларын мыйзам түрүндө бекитүү сунушталууда.
Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды. Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат. Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын ким экенин аныктоо талап кылынбайт. Башкача айтканда, жаран терминалга накталай акча салып, башка адамдын картасын, банк эсебин же электрондук капчыгын толуктай алат. Эгер документ кабыл алынса, акча салып жатканда жарандын паспортундагы маалыматтарды, терминалдын техникалык мүмкүнчүлүгү жетсе Face ID же Touch ID сурашы мүмкүн. Мындай чаранын негизги максаты кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоону жана кылмыштуу иштерди каржылоону азайтуу экени белгиленген.
1-сентябрда дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрү Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келет. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билидиришти. "Манас" эл аралык аэропортуна саат 07:05те америкалык актер, продюсер жана көп жолку дүйнө чемпиону Дон "Дракон" Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Линг, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудский жана казак тектүү америкалык режиссер, продюсер жана актер Эркен Ялгашев келип түшөт. "Чет өлкөлүк коноктор Ысык-Көл облусунда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук иш-чараларына катышат", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле алар сапардын алкагында Кыргызстандын маданияты, каада-салты жана улуттук мурасы менен таанышат. Эл аралык кино өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөштөрүнүн колдоосу менен уюштурулууда.
Кыргызстан соода-логистикалык борбор куруу үчүн Кытайдан жер сатып алганын Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-кытай бизнес-форумунда билдирди. Анын айтымында, республика Сиань шаарынан 9 гектар жер алган. Ал жакта Сиань — Кашкар — Ош багыты боюнча соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Ошондой эле Ошто да транзиттик-логистикалык борбор түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды. Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат.Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 537,94 гектар жер үч аймакка кошулат Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берген жер тилкелеринин эсебинен Кадамжай жана Кара-Суу шаарларынын, ошондой эле Керме-Тоо айыл аймагынын административдик чек арасын кеңейтүү сунушталууда. Документке ылайык: Кадамжай шаарына — 241,5 гектар; Кара-Суу шаарына — 106 гектар; Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагына — 190,44 гектар жер кошулат. Жер тилкелери инвентаризациядан өтүп, тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Эми алардын жаңыланган карталары менен административдик чек араларын мыйзам түрүндө бекитүү сунушталууда.Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды. Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат. Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын ким экенин аныктоо талап кылынбайт. Башкача айтканда, жаран терминалга накталай акча салып, башка адамдын картасын, банк эсебин же электрондук капчыгын толуктай алат. Эгер документ кабыл алынса, акча салып жатканда жарандын паспортундагы маалыматтарды, терминалдын техникалык мүмкүнчүлүгү жетсе Face ID же Touch ID сурашы мүмкүн. Мындай чаранын негизги максаты кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоону жана кылмыштуу иштерди каржылоону азайтуу экени белгиленген.1-сентябрда дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрү Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келет. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билидиришти. "Манас" эл аралык аэропортуна саат 07:05те америкалык актер, продюсер жана көп жолку дүйнө чемпиону Дон "Дракон" Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Линг, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудский жана казак тектүү америкалык режиссер, продюсер жана актер Эркен Ялгашев келип түшөт. "Чет өлкөлүк коноктор Ысык-Көл облусунда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук иш-чараларына катышат", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле алар сапардын алкагында Кыргызстандын маданияты, каада-салты жана улуттук мурасы менен таанышат. Эл аралык кино өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөштөрүнүн колдоосу менен уюштурулууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1d/1103287083_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8f96a62ede7dddbff816ad717daf3919.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио