00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:05
55 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Кыргыз музыкасынын классиги: Жумамүдүн Шералиевди эскерүү
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарылды: бул кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
21:11
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ирак: террорчулар кол салып, полициянын төрт кызматкери мерт болду

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEВоеннослужащие Ирака
Военнослужащие Ирака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук уюмдун мүчөлөрү Байжи шаарында нефтини кайтарып турган полиция пунктуна кол салган. Тартип сактоочулар чабуулга жооп кылып, белине жардыргыч байлап алган жан кечтини жок кылган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ирактын түндүгүндөгү Салах-эд-Дин провинциясында кечээ "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тобу кол салган окуяда полициянын төрт кызматкери каза таап, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү кечээ (ишемби — ред.) Байжи шаарында нефтини кайтарып турган полиция пунктуна кол салган. Тартип сактоочулар чабуулга жооп кылып, белине жардыргыч байлап алган жан кечтини жок кылган. Окуядан полициянын төрт кызматкери каза тапты. Коопсуздук күчтөрү аталган районду текшерип жүргөндө бомба жарылып, бир офицер жаракат алды", — деп айтылат маалыматта.

2017-жылдын декабрь айында Ирак бийлиги аймакты 3,5 жылдык согуштан кийин "Ислам мамлекети" террордук уюмунан толук бошоткондугун айткан. Согушкерлер Ирак жеринин үчтөн бирин басып алган. Террорчулардын талкаланган отряддары бошотулган аймактарга маал-маалы менен жарылууларды уюштуруп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0