БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Имам-Шапи Мухтаров Волгоград шаарындагы турнирде өзгөчө нокаут менен жеңишин камсыздады.
Беттештин видеосун Jolassanda аттуу интернет колдонуучу Twitter баракчасына жүктөгөн.
nice 1R head kick KO by Imam-Shapi Mukhtarov
— Jolassanda (@Jolassanda1) 25 октября 2019 г.
(Volgograd Battle) pic.twitter.com/GiztoGVJZv
Мухтаров октагондо украиналык Анатолий Сафронов менен күч сынашкан. Алар 25-октябрда "Битва в Волгограде" аттуу турнирдин алкагында беттешишкен. Россиялык мушкер кулап баратып атаандашын жаакка бир тепкен. Натыйжада Сафронов биринчи раундда эле нокаутка кеткен.
РЕН ТВ телеканалы белгилегендей, Мухтаровдун кармашын мелдештин уюштуруучулары мыкты деп таап, ага сыйлык катары 3 миң доллар беришкен.