Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Биринчи күнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. ал эми өрөөндөрүндө күн ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 28-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +16...+21, Талас жергесинде +15...+20 градуска көтөрүлөт. Нарын облусунда күндүн табы +10...+15, Ысык-Көлдө +12...+17 градуска жетет.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, +19...+21 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0