Исмаилсыз бир жыл. Жайыңдын топурагы да жумшак эле...

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов. Архив
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптешибиз Исмаил Мамытовдун арабыздан кеткенине туура бир жыл болду. Аны мынча эрте кетет деп ким ойлоптур... Бирок тагдыр деген ушул экен, ага айласыз баш иебиз.

"Сыркоолоп ооруканага жатып калыптыр" дегенди укканыбыз менен анын оорусу олуттуу экенин ошол учурда эч кимибиз баамдабаптырбыз. 2018-жылы 19-июлда түштөн кийин "Исманы жоготуп алдык" деген кабарды укканымда эмне дээримди билбей, нес болуп туруп калдым. Ошол кабар дагы деле кулагымда жаңырып тургансыйт.

Исма менен 2016-жылдан тарта чогуу иштешип калдык. Жаңы жамаатка келип, алар менен камыр-жумур болуп аралашып кетүү деле кыйын. Исма башында бир аз тартынгансып жүрдү. Бир-эки жумадан кийин эски тааныштардай эле аркы-беркини сүйлөшүп жакшы мамиледе болуп кеттик.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы кеңсеге көчүп келгендеги сүрөттөрдөн
Исмаилсыз бир жыл. Жайыңдын топурагы да жумшак эле... - Sputnik Кыргызстан
Жаңы кеңсеге көчүп келгендеги сүрөттөрдөн

Бир жолу жумуштан кийин беле, же түшкү тамактануу учурунда беле, эмнеге журналистикага келип калганы боюнча сүйлөшүп калдык. Исма буга чейин бир катар радиолордо алып баруучу болуп иштегенин, өзүнүн кесиби юрист болгондуктан мындан ары баш-оту менен адвокат болом деп чечкенин айтып отурду. Ал үчүн атайын портфель да сатып алган экен. Бирок Sputnik Кыргызстан агенттигине жооптуу редактор Канышай эженин чакыруусу менен келип калганын, эл аралык агенттикте иштеген кандай болорун бир байкап көрөйүн деп чечкенин айтып берген эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековИсмаил Мамытов Sputnik Кыргызстан агенттигинин жооптуу редактору Канышай Бешбаева менен
Исмаилсыз бир жыл. Жайыңдын топурагы да жумшак эле... - Sputnik Кыргызстан
Исмаил Мамытов Sputnik Кыргызстан агенттигинин жооптуу редактору Канышай Бешбаева менен

Ошентип жаңы кеңсеге көчтүк. Экөөбүз жанаша бир столдо отуруп калдык. Ал мени "Раске" деп көп айтаар эле. Негедир анын "Раске" дегени мага да жакчу. Башында ага-ини катары гана сүйлөшсөк, кийин жакын достордой, бала чактан берки тааныштардай эле сүйлөшүп калдык. Жаңы кеңсеге көчүп келгенден кийин Sputnik Кыргызстан радиосу да иштей баштады. Буга чейин радиодо иштеп келгендиктен камчы салдырбай эле ишти алып кетти. Sputnik Кыргызстан радиосунун редактор-алып баруучусу болду. 

Менде негедир "Радиодо иштегендер микрофонго чыгып эле сүйлөп коёт да, эмне оорчулугу бар" деген ой жашачу. Бирок радионун иши алда канча машакаттуу экенин ага бир аз аралашканда сездим. Күндө эфирге конок чакырып, убакыт-саатын болжошуп сүйлөшүү деле энергияны алат экен. Эң башкы көйгөй чакырган коногуң келбей калганда башталат экен. Мындай учурга бир-эки жолу күбө болуп калдым.

© Sputnik / Табылды КадырбековРадиодо иштегенден ырахат алар эле
Исмаилсыз бир жыл. Жайыңдын топурагы да жумшак эле... - Sputnik Кыргызстан
Радиодо иштегенден ырахат алар эле

"Исмадан ажырап калдык" деген кабар келгенден кийин редакциядагылардын бардыгы эмне кыларыбызды билбей чуру-чуу түшүп калдык. Жамандык деген жаман да. Ошентип кечинде кесиптештер менен сага топурак салуу үчүн Аксынын Мукур айылын көздөй жолго чыктык. Жолдо бир топко чейин үн катпай бардык... Таңга маал Мукур айылына келдик. Боз үй тигилип, аза күткөн ата-энеңди, кайгыга муунуп айласын таппай отурган келинчегиңди көрүп жүрөгүм сыздады... Көзүмдөн жаш акты...

Сөөгүн коюлган жер да өзгөчө экен. Тоонун боорунда. Жалаң мырза терек өскөн жер. Жайыңдан казылып чыккан топурак да өзгөчө жумшак... Кудай сүйгөн пендесинин жаткан жерин да жумшак кылат деген чын белем...

Бир-эки жума мурда түшүмө кирдиң. Баягыдай эле шайдоот, кичи пейилсиң. Кесиптештер менен бир чакан бөлмөдө отурабыз, кыязы кафеде чогулган окшойбуз. Эшиктен баш багып эле "Ии, баарыңар келдиңерби" деп бизди түгөлдөп чыгып кеттиң...

© Sputnik / Табылды КадырбековИсмаил арабыздан 2018-жылдын 19-июлунда учуп кетти...
Исмаилсыз бир жыл. Жайыңдын топурагы да жумшак эле... - Sputnik Кыргызстан
Исмаил арабыздан 2018-жылдын 19-июлунда учуп кетти...

Алдыга койгон көптөгөн тилектериң бар эле... Алар алыс калды... Жайың жанаттан болсун! Эми бизде курандан башка айла жок...

Бүгүн чогуу иштешкен кесиптештериң сага багыштап куран окудук. Ошол кабыл болсун.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0