Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алимбаев: кызматтын кызыкчылыгы үчүн тууганды да иштетиш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев. Архив
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев жумушка алууну сурангандар көп болорун айтты.
Алимбаев: кызматтын кызыкчылыгы үчүн тууганды да иштетиш керек

Мамлекеттик чек ара кызматында таптакыр эле коррупция жок деп айтуу туура эмес. Коомдо эмне болуп жатса, ал биздин мекемеге да тиешелүү. Учурда жемкорлук менен күрөш кызуу жүрүп жаткандыктан, Чек ара кызматы да четте карап турган жок. Бул тууралуу Абдикарим Алимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке өзүнө да кызмат сурап кайрылгандар көп болот.

"Чек ара кызматы да коомдун бир бөлүгү. Андыктан бизде коррупция таптакыр жок, болгон да эмес деп айтуу кыйын. Бирок бизде абал бир аз башкачараак. Жоопкерчилиги өтө күч иш болгондуктан, тескерисинче, көптөрү кызматка дайындалса да качат. Менин жеке пикиримде, эгер адис ошол кызматка татыктуу болсо, анын тууган экенине карабай кызматтын кызыкчылыгы үчүн иштетип калыш керек. Эгер берилген ишти жасай албаса, тууганым эле деп кармап отура бербей ордун иш билгендерге бошотуп бергени туура", — деди Алимбаев.

Аткаминер аталган кызмат чек арачылар жетишпей калган жылдары тууган-урук, тааныш-билиштерин кызматка чакырып калышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0