Аялдар 40 жаштан кийин кандай тамактанышы керек? Диетологдордун кеңеши

CC BY-SA 2.0 / Thomas Lübke / Just lookingМуздаткычтын жанында турган аял. Архив
Муздаткычтын жанында турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдардын тамактануусуна бир нече диетолог үн кошуп, кайсы тамактарды жеп туруу керек экендигин санап беришкен.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар аялдар 40 жаштан кийин ден соолугун жана сулуулугун сактоо үчүн кандай тамактануусу керек экенин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Диетолог Амелин Фрирдин айтымында, биринчиден, майсыздандырылган азыктарды чанда колдонуу керек. Себеби мындай азыктардын курамында ден соолукка пайдасы жок заттар кездешет.

Международный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жаштыкты кантип узартуу керек. Окумуштуулардан 5 кеңеш
Ошондой эле адистер 40 жаштан кийин ширин мөмө-жемиштерди чени менен колдонууну, себеби алар организмде канттын көбөйүшүн шарттай тургандыгын белгилешкен. Анын ордуна кечки алтыга чейин кычкыл алма жеп турууну сунушташкан.

Тамактануу боюнча адис Жеклин Колдуэлл-Коллинз аялдарга эртең менен мөмө жана жер жемиш, клетчаткага жана пробиотиктерге бай ферменттешкен азыктарды пайдаланууну айткан. Мисалга ал туздалган капустаны, кимчини же айранды келтирген.

Ал эми диетолог Жейн Кларк мүмкүн болушунча майлуу тамактарды жеш керек экенин айтып, тизмеге балык, жаңгак, авокадо, ошондой эле зыгыр жана олива майын киргизген.

Адис Меган Росси күнүмдүк тамакта сөзсүз углеводдор жана 30дай өсүмдүк түрүндөгү азыктар болушу керек экендигин айтып берген. Ал белгилегендей, мындай тамактануу балансташкан болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0