Жаштыкты кантип узартуу керек. Окумуштуулардан 5 кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате
Международный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кеңештерди колдонгон адам карылыкты дагы бир топ жыл артка сүрүп сала алат дешти.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Окумуштуулар жаштыкты узартуу боюнча бир нече кеп-кеңештерди бергендигин "Известия" басылмасы жазды.

Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп жашоо үчүн канча убакыт эс алуу керек. Окумуштуулардын изилдөөсү
Биринчиден, дене бойду жакшы кармаш керектиги айтылды. Тажрыйбада спорт менен машыгып, дене боюн чымыр алып жүргөн улгайган кишилерде холестериндин көлөмү кадимки деңгээлден төмөн экендиги анык болгон. Иммундук система кээ бир жаштарга салыштырмалуу жакшы болуп чыккан.

Экинчи орунда клетчаткаларды пайдалануу турган. Жемиштер, жашылчалар жана дан азыктарын көбүрөөк жеп туруу кан тамырларды бекемдеп, мээнин иштешин жакшыртары айтылган. Андан сырткары, белокту колдонуу да маанилүү.

"40 жаштан кийин организм булчуңдарын кадимкидей эле жогото баштайт. Негизи адам тамактанганда 20-25 грамм белок жеп турушу керек. Аларды жаңгактан, сүттөн, буурчактардан жана майсыз эттен алууга болот", — деп жазылат маалыматта.

Ичеги карындардын микрофлорасын карап, ага кам көрүп туруу да маанилүү. Антпесе, бул башка илдеттер менен катар эле улгайгандардын алжып калышына алып келиши мүмкүн. Адистер чылым чегүүдөн, алкоголь ичүүдөн баш тартып, тамак жегенди көзөмөлдөп туруу зарылдыгын айтышты.

Басып, сейилдөө да маанилүү. Таза абада жүргөндө организм жаш өйдөлөй баштаганда кездешчү ооруларга каршы турган D витаминин алат дешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0