Махабат — кырдан качкан кызыл түлкү... Касым Тыныстановдун кеп казынасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, акын, драматург, агартуучу Касым Тыныстановдун жана кыргыз совет тилчиси Кусеин Карасаевдин айкели. Архив
Кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, акын, драматург, агартуучу Касым Тыныстановдун жана кыргыз совет тилчиси Кусеин Карасаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, акын, драматург, агартуучу Касым Тыныстановдун накыл кептерин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Касым Тыныстанов 1901-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Утро в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Улуу ойчул Жусуп Баласагындын накыл кептери
Атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат-сабаты жоюлган адам болгондуктан, уулу 7 жашка чыкканча эле араб тамгасы менен окуп, жазганды үйрөткөн. Андан соң Касым Байсорун (азыркы Ананьево) кыштагындагы мектепте 3-4 жыл билим алган. 1912-жылы Тыныстан уулун Каракол шаарындагы орус-тузем мектебине киргизип, 1916-жылга чейин ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт. Касым Тыныстанов да 1916-жылкы Үркүндө эл менен Кытай жерине качып барып, 1918-жылы кыргыз жерине аман-эсен келген.

Тыныстанов "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-30-жылдары кыргыз АССР эл агартуу комиссары, 1931-37-жылдары Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу болгон. Ал кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде тунгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. Тыныстанов 1938-жылы репрессия учурда "Эл душманы" аталып, атып өлтүрүлгөн.

Касым Тыныстановдун ырларында кездешкен накыл кептер:

Турмушта чоң маселе кары баркы,
Сыйламак жаш карысын элдин салты.
Өзгөчө ата-энесин көп сыйласа,
Жайылмак ошо менен бала даңкы.
Бирок да уул төрөсө мурункудан,
Турмушка салмактанмак катын баркы.
Дурус ак жат сыйласын, урматтасын,
Болбосун карынын да бузук алкы.

***

Жер сагынбас эл болбос,
Эл сагынбас эр болбос.
Жатка моюн сунгандай,
Эр жүрөгү кир болбос.

***

Ырчы толкун, ыйчы толкун сырын ук,
Эрк, махабат табуу үчүн чыдамдык.
Теше тиктеп, терең теңшеп карасаң,
Деңиз — акын, жүрөк — толкун, шамал — шык.

***

Достук менен, дагы айтамын, ойнобо!
Чыкпас орго жыгыларсың, бойлобо!
Достук сөздү — душман сөздөй түшүнсөң,
Ачык айттым, өлбөймүн деп ойлобо!

***

Күлгөн күлбөс өмүрлүккө кайгырбай,
Сүйгөн сүйбөс өмүрлүккө айрылбай.
Күлүү, сүйүү — күч айдаган жазыксыз,
Тагдыр чиркин боору ачыбас ошондой!..

***

Махабат — тозок оту балбылдаган,
Ким кызып, илебине албырбаган.
Махабат — кырдан качкан кызыл түлкү,
Бүркүттү ташка согуп алдырбаган.
Махабат — турагы жок соккон шамал,
Мойнуна түргөн чалма салдырбаган.

Махабат — чырга тарткан күлүк закым,

Кол созгон талапкерге карматпаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0