Табылды Эгембердиевсиз төрт жыл... Эстелик сүрөттөр
Табылды Эгембердиевсиз төрт жыл... Эстелик сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Жеке ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев беш жыл мурда каза болгон. Ал 64 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. 16.05.2019, Sputnik Кыргызстан
Жеке ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев беш жыл мурда каза болгон. Ал 64 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Эгембердиев кыргыздын улуттук суусундугун дүйнөгө таанымал атайын брендге айландыра алды. 2015-жылы берген акыркы маектеринде карып бара жатканын арман кылган.
13 жашка толгондо атасы дүйнө салып, ата ордуна ата болуп, апасы Сүйүнгө жөлөк, иниси Жумадылга көмөк, карындашы Анарканга тирек болуп, айылдын оор турмушун башынан кечирген.
"Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм" (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө).
Жаңылсынзат Турганбаева менен бир уул, бир кызды тарбиялаган. Жаңылсынзат айым Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин бүткөн. Учурда жолдошунун ишин улантып келет.
Расмий документте Табылды Эгембердиев 1951-жылдын 14-январында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Букара айылында туулган деп жазылган. Бирок анык туулган күнү 1950-жылдын 28-декабры деп айтылып келет.
Табылды Эгембердиев 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп, катчылык иштерин аркалап, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан.
Өзүнүн "апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти" деп айтканы бар.
2009-жылы "Супара" этнокомплексин, ал эми 2014-жылы тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын түптөгөн.