03:07 23 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
белгилүү публицист, коомдук ишмер, Шоро компаниясынын, Супара, Супара-Чуңкурчак этно-комплекстеринин негиздөөчүсү, жаратман Табылды Эгембердиевдин архивдик сүрөтү

Бүгүн Табылды Эгембердиев 67 жашка толмок. Ишкер тууралуу 12 факты

© Sputnik / Актан Темирканов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (200)
244450

Бүгүн белгилүү публицист, коомдук ишмер, "Шоро" компаниясынын, "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этно-комплекстеринин негиздөөчүсү, жаратман Табылды Эгембердиевдин туулган күнү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Шоронун атасы" тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Расмий документте Табылды Эгембердиев 1951-жылдын 14-январында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Букара айылында туулган деп жазылган. Бирок анык туулган күнү 1950-жылдын 28-декабры деп айтылып келет.

1.Табылдынын төрөлүшүндөгү купуя сыр. Атасы Бердигул Кудайдан бала тилеп жүрүп, 50 жашында уулдуу болгон. Төрөлгөндө дем албай жаткан баланы айылдын Бүбү апасы бооруна кысып, ырым-жырымын жасап жатып тирилтип алган. Атасы терисине батпай сүйүнүп "балага төрөлгөн жердин атын ыйгаралы, ысымы Букара болсун" деп сунуштаган. Бирок айылдын Бүбү апасы "бала ары барып бери келди, кайра таап алдык, аты Таабалды болсун" деп ысымын койгон экен. Экинчи өмүргө ээ болгон Табылдынын өзгөчөлүгү төрөлгөндө эле Кудайдын мөөрү түшкөн адам экендигинде.

Основатель компании Шоро Табылды Эгембердиев
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"
Табылды Эгембердиев көзү тирүү болгондо 67 жашка чыкмак

2. Экинчи жубайдан төрөлгөн атадан артык уул. Атасы Бердигул биринчи жубайы Дилде ападан эркек уул көргөн эмес. Мындан улам Дилде апа жолдошуна бир тууган сиңдиси Сүйүндү алып берген. Ал кийин улуу инсан Табылдыны (Таабалды) төрөгөн экен.

3. Айылдын оор турмушу көкөйгө тийип билимге умтулган. Табылды 13 жашка толгондо атасы дүйнө салып, ата ордуна ата болуп, апасы Сүйүнгө жөлөк, иниси Жумадылга көмөк, карындашы Анарканга тирек болуп, айылдын оор турмушун башынан кечирген. Балалыгы Суусамырда кой кайтармай, тезек термей менен өткөн. Айылдагы оор жашоо көкөйгө көк таштай тийип, келечекке улуу максаттарды койгон.

Основатель компании Шоро Табылды Эгембердиев с семей
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"
"Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм" (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө)

4. Окутуучулуктан башталган эмгек. 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, инженер-курулушчу кесибине ээ болгон. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап, кийин маянанын аздыгынан куруучу-прораб болуп эмгектенген. Ишке баш оту менен берилип курулушта иштеп жүргөн кезде шифердин курамындагы асбест чаңын жутуп алып, өмүрүн өксүк коштогон мезотелиома аттуу миңдин бирине жолукчу дартка чалдыкканына маани бербей жүрө берген.

5. Өзүн-өзү таанып билген Табылды. Эмгек жолунда коп акыйкатсыздыкка туш болуп, эркиндикти чектеген советтик системанын тоскоолдуктарына чыдабай, ал доорго көңүлү толбой, таман акы мандай тери менен келечекке чыйыр жол салууну көздөп 12 жыл тынбай күнү-түнү китеп окуган.

6. Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө кошкон салымы. Табылды Эгембердиев 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп, катчылык иштерин аркалап, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан. Ошол өткөөл мезгилдеги коомдук, саясий-экономикалык терс көрүнүштөргө өзүнүн пикирин ачык билдирип, байма-бай курч макалаларды жазып турган.

Основатель компании Шоро Табылды Эгембердиев с супругой
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"
Жубайы Жаңылсынзат Турганбаева менен

7. Шоро компаниясынын жаралыш сыры. Жесир калган Табылдынын апасы Сүйүн айыл аксакалдары максым, бозо ичкенче балдар менен баарлашып, акыл насаатын айтып, ата мээримин издеген балдарга тирөөч болсун деп күндө үзбөй үйүндө максым, жарма, бозону жасап турган. Табылды шаарга окууга келгенде бала чагынан канына сиңген таппай коет. Тапса да бурчта жашынып саткан кыздарды көрүп ызаланып "кылым карыткан улуттук суусундуктарды дүйнөгө таратам" деген идеяга чөмүлгөн.

Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"
Өзүнүн "апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти", деп айтканы бар.

Учурда компаниянын негизги бренддери катары "Максым Шоро", "Чалап Шоро", "Жарма Шоро", "Бозо Шоро" болуп саналат. Ошондой эле газсыз сууну бөтөлкөгө куюп ичсе ден соолукка пайдалуу экенин биринчилерден түшүнүп "Tien Shan Legend" деген брендди дагы негиздеген.

Андан тышкары, "Арашан", "Байтик", "Ысык-Ата" аталышындагы минералдык суулар дагы чыгарылат.

8. Туризмге салым. 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, ал эми 2014-жылы тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын түптөгөн. Ал негиздеген улуттук этнографиялык комплекстер Кыргызстандагы эл аралык туризмдин каттамдар картасына кирген олуттуу жайларга айланган.

Табылды Эгембердиев
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"
Табылды Эгембердиев жакын адамды менен

9. 2011-жылы Кыргызстандын "Ордо" федерациясынын президенти болуп шайланган. Кыргызстанда көркөм өнөрдү, маданиятты, адабиятты, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн ар кыл долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон демөөрчү инсан катары таанылган.

10. Үй-бүлөсү. Табылды Эгембердиевдин биринчи никесинен төрт баласы бар. Экинчи жубайы Жаңылсынзат Турганбаева менен бир уул, бир кызды тарбиялаган. Жаңылсынзат айым Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин бүткөн. Учурда жолдошунун ишин улап келет.

11. "Шашып жашап жатам". 2015-жылы Чуӊкурчак жайлоосундагы экинчи "Супара" этно-комплексин салдырып жаткан учурда Табылды Эгембердиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берген. Анда ал "иш кылгандан артык нерсе барбы?! Бир гана арман бар, карып баратам! План көп, бирок жетишпей калам го деп шашып жашап жатам", деп бир нерсени сезгендей кеп айткан.

12. Күтүүсүз өлүм. 2014-жылдын октябрь айында ооруп, Бишкектин дарыгерлери диагноз кое албай койгон. Натыйжада Германиядан "мезотелиома" деген өпкө оруусунун диагнозу коюлуп, дарылануудан жыйынтык чыккан эмес. Бишкекке кайтып келгенден кийин, 2015-жылдын 16-майында дүйнө салган. Маркумдун сөөгү Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күӊгөй айылындагы көрүстөнгө коюлган.

Ал эми 2016-жылы "Супара" этно-комплексине Эгембердиевдин айкели тургузулган. 2017-жылы "Шоро" компаниясынын Бишкектеги баш кеңсесине анын стелла-айкели орнотулган. Анда Эгембердиевдин ишкерлик жолу чагылдырылган. Сүрөттүн башында чакан казанга кайнап жаткан жарма, анын базарга чыгышы жана чоң компанияга айланышы тартылган.

Маалымат жубайы Жаңылсынзат Турганбаева менен биргеликте даярдалды.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (200)

Тема боюнча

Бишкекте Табылды Эгембердиевдин эстелиги ачылат
Бир жыл… Табылды Эгембердиевдин сүрөттө калган элестери
Белгилер:
факты, ишкер, "Шоро" компаниясы, Шоро, Табылды Эгембердиев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ