Мекендештер "Дарак ырын" Москванын кинотеатрларынан көрө алышат

© Фото / Централ Азия фильм"Дарак ыры" тасмасынан кадр. Архив
Дарак ыры тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дарак ыры" киносу кыргыз тилиндеги биринчи мюзикл.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 3-майдан 5-майга чейин Москва шаарынын бир катар кинотеатрларында режиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы көрсөтүлөт.

Фильмдин жаратуучулары кинокартина кайсы күнү, кайсы кинотеатрларда көрсөтүлө турганын Facebook баракчасына жарыялашты.

  • "Каро 11 Октябрь" кинотеатры, башталышы — 18:00. Дареги: Новый Арбат көчөсү, 24;
  • "Каро 6 Теплый стан" кинотеатры, башталышы — 14:00. Дареги: Новоясеневский проспектиси, 1;
  • "Каро 10 Реутов" кинотеатры, башталышы — 15:00. Дареги: Носовихинск шоссеси, 45;
  • "Каро Sky 17 Авиапарк" кинотеатры, башталышы — 16:00. Дареги: Ходынский бульвары, 4;
  • "Каро 13 Кунцево" кинотеатры, башталышы — 17:00. Дареги: Москва облусу, Одинцово району, Vegas Кунцево соода түйүнү;

Тасма аталган кинотеатрларда 3 күн бою көрсөтүлөт.

"Дарак ыры" киносу кыргыз тилиндеги биринчи мюзикл. Тасма коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, Москва эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, иш-чаранын программалык директору Кирилл Разлогов аны "фестивалдын эң сенсациялуу тасмасы" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0