00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
"Сдай кровь – спаси жизнь" - почему благотворительность важна для каждого из нас?
06:03
41 мин
Күн башат
Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форуму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өтүүдө
07:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваНародный поэт республики Тенти Адышева
Народный поэт республики Тенти Адышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сиз татаал тагдырдын акынысыз" бул сөздөр Тенти Адышевага "Кыргыз эл акыны" наамы берилип жатканда айтылган Чыңгыз Айтматовдун куттуктоосуна таандык. Чындыгында эле ХХ кылымдагы кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон акындын жашоосун ийгиликтер менен бирге оор учурлар да коштогон.

Аялдардын ичинен биринчи болуп Кыргыз эл акыны наамына татыган Тенти Адышева туура 99 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу талант тууралуу кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Вид на площадь Ала-Тоо в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты
Эркекче кийинген эрке кыз. Тенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Акын Үркүндөн улам чет жерге качып, кийин кайрадан өз өлкөсүнө кайтып келген Жунушбай менен Оңолдун көптөн күтүп көргөн жалгыз кызы эле. Бөбөккө алгач Сайракан деген ысым ыйгарылып, кийин гана Тентиге айланган. Жунушбай ата калк арасында чечен катары таанылып, уламыш, жомок жана эпосторду жатка билген. Ал эми белгилүү комузчу Бийгелдинин кызы болгон Оңол апа заманбап ой жүгүрткөн аял эле. Ал кызынын билим алып, эл-жер көрүүсүн каалап, жардамын аяган эмес. Уулу жок болгон Жунушбай ата кызын өзгөчө жакшы көрүп, эрке кылып чоңойткон. Тенти Адышева жаштайынан эркекче кийинип, балдар менен чүкө ойноп, ат минип өскөн. Андыктан айылдагы балдар бой жеткенге чейин аны "Тенти байке" деп аташчу. 

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваТенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Тенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Алдыңкы студент. Тенти Адышева айылдагы мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы, Фрунзедеги медициналык техникумдан атайын кызматкерлер келип, татыктуу окуучуларды тандай башташат. Билим алуу үчүн катуу аракет кылган жаш кыз тандоодон өткөн жаштардын катарында борбор шаарга аттанат. Айылдык кыз окуу жайда мыкты окуп, алдыңкы студенттердин бири болот. Медициналык техникумдун жүзү катары Бүткүл союздук комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага да барат. 

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваТенти Жоомарт Бөкөнбаев менен 19 жашка чыкканда баш кошкон. Бирок экөөнүн түтүн булатканына беш жыл болгондон кийин Бөкөнбаев жол кырсыгынан каза болот. 24 жашында кичинекей үч баласы менен жесир калган акын үчүн бул жоготуу аябай оор болгон.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Тенти Жоомарт Бөкөнбаев менен 19 жашка чыкканда баш кошкон. Бирок экөөнүн түтүн булатканына беш жыл болгондон кийин Бөкөнбаев жол кырсыгынан каза болот. 24 жашында кичинекей үч баласы менен жесир калган акын үчүн бул жоготуу аябай оор болгон.

Айымдардын алгачкысы. Тенти Адышева 1938-жылы техникумду бүткөндөн кийин Лениндик жаштар коммунисттик союзунун Борбордук Комитетинин (ЛКСМ БК) секретарлыгына дайындалат. Бир нече жыл өткөн соң Фрунзе шаардык Биринчи май райондук Аткаруу комитетинин жетекчиси, "Кыргызстан аялдары" журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ушул эле жылдары билимин дагы да өркүндөтүү үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүрөт. 1956-жылы автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл Союздук агенттигинин кыргыз бөлүмүнө жетекчиликке дайындалат. Бул кызматта 23 жыл иштеп 1979-жылы ардактуу эс алууга чыгат. Акын жогорудагы бардык кызматтарды аркалаган алгачкы айым болгон. 

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваТенти Адышева 1931-жылы, Фрунзедеги медициналык техникумдан атайын кызматкерлер келип, татыктуу окуучуларды тандай башташат. Жаш кыз тандоодон өтүп борбор шаарга аттанат. Айылдык кыз окуу жайда мыкты окуп, алдыңкы студенттердин бири болот. Медициналык техникумдун жүзү катары Бүткүл союздук комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага да барат.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Тенти Адышева 1931-жылы, Фрунзедеги медициналык техникумдан атайын кызматкерлер келип, татыктуу окуучуларды тандай башташат. Жаш кыз тандоодон өтүп борбор шаарга аттанат. Айылдык кыз окуу жайда мыкты окуп, алдыңкы студенттердин бири болот. Медициналык техникумдун жүзү катары Бүткүл союздук комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага да барат.

Аялдардын тагдырын ырга салган. Медициналык окуу жайды аяктаганына карабастан жүрөгү ыр деп соккон акындын чыгармачылыгы 1947-жылы башталат. Бул жылы анын алгачкы "Акын" деген ыры жарык көрөт. Ал эми биринчи ырлар жыйнагы болгон "Заманам" 1961-жылы чыгат. Тенти Адышеванын "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм", "Тандалмалар" аттуу поэтикалык китептери, "Жаңылдын элеси", "Өмүр жолу", "Жүрөктөгү так" сыяктуу поэмалары жогорку баага татып, окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Акын чыгармаларында Ата Мекен, мезгил жана жашоо сыяктуу темаларга кайрылып, аны менен бирге эле өз учурундагы коомдук-саясий окуяларга үн кошкондон да качкан эмес. Ошондой эле кыргыз коомунда эзилген турмуш өткөрүп келген кыргыз аялдарынын тагдырына да кайдыгер карабай, кыз-келиндердин эркиндикке жана тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна ырлары аркылуу салым кошкон. 

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваМедициналык окуу жайды аяктаганына карабастан жүрөгү ыр деп соккон акындын чыгармачылыгы 1947-жылы башталат. Бул жылы анын алгачкы "Акын" деген ыры жарык көрөт.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Медициналык окуу жайды аяктаганына карабастан жүрөгү ыр деп соккон акындын чыгармачылыгы 1947-жылы башталат. Бул жылы анын алгачкы "Акын" деген ыры жарык көрөт.

Кылы үзүлгөн комуз. Тенти Адышеванын калемине таандык "Кылы үзүлгөн комузум" кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын сап башында турат. Акын бул эмгегинде жеке өмүр жолун жазуу аркылуу ошол кездеги кыргыз адабияты менен искусствосун мыкты сүрөттөгөн. Жыйынтыгында окурман улуттук адабияттын каймактары болгон Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Гапар Айтиевдин өз ара мамилелери, жай турмушу тууралуу маалымат ала алган. Ошол эле учурда китепте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги оор кырдаал да камтылган. Тез арада окурман чөйрөсүнүн сүйүүсүнө татыган китепти эл талап окуп, чыгарма үч жолу басып чыгарылган. 

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваУулу Кулубек Бөкөнбаевдин айтымында, кайраттуу, курч сапатын эч качан жоготпогон акын ушактарга көп көңүл бурбай, эч кимге таарынып же арызданбай, ар дайым башын өйдө көтөрүп жүрчү.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Уулу Кулубек Бөкөнбаевдин айтымында, кайраттуу, курч сапатын эч качан жоготпогон акын ушактарга көп көңүл бурбай, эч кимге таарынып же арызданбай, ар дайым башын өйдө көтөрүп жүрчү.

Улуу акындардын үй-бүлөсү. Тенти Адышеванын жеке турмушун кайгылуу окуялар коштогон. Акын өз өмүрүн байлаган кыргыздын эки улуу инсанынан тең турмуш жолунда ажыраган. Алгачкы жолдошу Жоомарт Бөкөнбаевге 19 жашка чыкканда баш кошкон. Бирок экөөнүн түтүн булатканына беш жыл болгондон кийин Бөкөнбаев жол кырсыгынан каза болот. 24 жашында кичинекей үч баласы менен жесир калган акын үчүн бул жоготуу аябай оор болгон. Мындан улам он жыл бою коомчулуктун сын-пикирине карабай, кайгылуу ырларды жараткан. Улуу таланттардын балдары да кыргыз коомчулугундагы алдыңкы инсандарга айланышкан. Тун уулу Кулубек Бөкөнбаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор болсо, кызы Сырга Бөкөнбаева да профессор, медицина илимдеринин доктору. Ал эми бир туугандардын кичүүсү Зайнидин Бөкөнбаев 2002-жылы жол кырсыгынан каза болгон. 

Белгилүү акын Жолон Мамытов жубайы менен - Sputnik Кыргызстан
Ашыгына алоолонуп араң жеткен акын. Жолон Мамытов тууралуу 7 факты
Экинчи турмушу. Тенти Адышева жеке турмушундагы кайгылуу окуядан кийин он жыл бою турмуш курууга бел байлаган эмес. Бул убакта табиятынан ажарлуу келген акындын аркасынан ар кандай сөздөр ээрчийт. Уулу Кулубек Бөкөнбаевдин айтымында, кайраттуу, курч сапатын эч качан жоготпогон акын ушактарга көп көңүл бурбай, эч кимге таарынып же арызданбай, ар дайым башын өйдө көтөрүп жүрчү. Тенти Адышева 34 жашында экинчи жолу үй-бүлө куруп, белгилүү илимпоз, академик Муса Адышевге турмушка чыккан. Жетим балдар үйүндө чоңойгон Муса Адышев табиятынан кең пейил, айкөл инсан эле. Үч балага өз атасындай мамиле кылып, татыктуу тарбия берген. Ал Тенти Адышева менен бирге Жоомарт Бөкөнбаевдин ар бир беш жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүп, балдардын өз атасын унутпоосуна да чоң салым кошкон. Улуу инсандар бир балалуу болушкан. Муса Адышев 1979-жылы инфаркттан улам каза болгон. Тенти Адышева эки жолдошу менен болгон жашоосун "Кылы үзүлгөн комузум" чыгармасында кеңири сүрөттөгөн. 

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваТенти Адышева 34 жашында экинчи жолу үй-бүлө куруп, белгилүү илимпоз, академик Муса Адышевге турмушка чыккан. Жетим балдар үйүндө чоңойгон Муса Адышев табиятынан кең пейил, айкөл инсан эле. Үч балага өз атасындай мамиле кылып, татыктуу тарбия берген.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Тенти Адышева 34 жашында экинчи жолу үй-бүлө куруп, белгилүү илимпоз, академик Муса Адышевге турмушка чыккан. Жетим балдар үйүндө чоңойгон Муса Адышев табиятынан кең пейил, айкөл инсан эле. Үч балага өз атасындай мамиле кылып, татыктуу тарбия берген.

Кош мүрзө. Тенти Адышева 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, Жоомарт Бөкөнбаевдин мүрзөсүнүн жанына коюлган. Кулубек Бөкөнбаевдин айтымында, бул окуянын да өзгөчө тарых-таржымалы бар. "Жоомарт атамдын сөөгү алгач согуш маалында каза тапкан баатырлар жаткан башка мүрзөгө коюлган эле. Анан атамдын жайын издегендерге белгилүү болсун деп аны "Ала-Арча" көрүстөнүнө которуу иштерин жүргүзө баштадык. Ал убакта апам каза болгонуна 9-10 жыл болуп калган. Бул маалда чындыгында "Ала-Арчада" бир топ орун ээленип калган эле. Анан байкасам, эмнегедир апамдын жанында 10 метрдей жер бош калыптыр. Кантип анча жерди бош калтырышкандары белгисиз. Ошону менен Жоомарт атам энемдин оң жагына коюлуп калды" деп эскерет уулу.

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваАдышевдер бир балалуу болушкан. Муса Адышев 1979-жылы инфаркттан улам каза болгон. Тенти Адышева эки жолдошу менен болгон жашоосун "Кылы үзүлгөн комузум" чыгармасында кеңири сүрөттөгөн.
Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Адышевдер бир балалуу болушкан. Муса Адышев 1979-жылы инфаркттан улам каза болгон. Тенти Адышева эки жолдошу менен болгон жашоосун "Кылы үзүлгөн комузум" чыгармасында кеңири сүрөттөгөн.

Сыйлыктары. Тенти Адышева кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн", "Лениндин 100 жылдыгынын урматына" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамоталары менен сыйланган. Аны менен бирге эле "Кыргыз ССРинин эл акыны" деген ардактуу наам да ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0