Sputnik маалымат агенттиги Бишкек баатыр тууралуу фактыларды чогултту.
Материалды даярдоого Бишкек баатырдын тарыхый ордун аныктоо боюнча сынактын жеңүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Рыскул Жолдошев жардам берди. Ал Илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтейт.
Фрунзе Бишкекке айланганда
Совет мезгилинде, тагыраагы, 1926-жылдан тарта Кыргызстандын борбору аскер ишмери Михаил Фрунзенин атынан Фрунзе деп аталып келген. Эгемендүүлүк алгандан кийин борбордун тарыхый атын кайтаруу аракети жүрөт. Мурда Фрунзе шаары Пишпек же Бишкек аталган деп талашып жатып, акыры Бишкекке токтолушат. Андан кийин "Бишкек" деген сөздүн этимологиясына кызыккандар жаралат. Бул боюнча тарыхчы, философ, адабиятчы, коомдук ишмерлерден тарта карапайым адамдарга чейин жазышкан. Алгач 70-жылдары казак топонимдерин изилдеген окумуштуулардын бири "пиш кек" же "пиш пек" деген сөз "беш бийик", "беш бийик тоо" дегенди түшүндүрөрүн айтат. Айрымдары "беш бек" деген сөздөн келип чыкты, "бул жакта мурда беш бек жашаган болушу мүмкүн" деген пикирлерин да айтат. Ирандын "биш гүх" же бизче "учтуу тоо" дегендер да болот. Дагы бирөө калмактын "бийик тоо" деген сөзүнөн чыккан дейт. Булардын баары адамдын логикалык ой жүгүртүүсүнөн келип чыгып, ал илимде элдик түшүнүк деп аталгандыктан кабыл алынган эмес.
Бишкектин коргону шаарга айланганда
Кыргыздын оозеки чыгармаларында Бишкек баатыр тууралуу уламыштар айтылып келет. Анда көчмөн кыргыз мал менен жүргөндө Бишкек эгин эгип, дыйканчылык кылып, устакана ачып, там салып, коңшу элдер менен соода-сатык иштерди жүргүзгөнү айтылат. Бишкек көз жумарда балдарына керээз катары "мени ушул жерге койгула, аш берип, анан коргон салгыла" деп айтат. Балдары керээзин аткарып чоң коргон салып, ал бара-бара Бишкектин коргону болуп калат. Беш баласы атасынын жолу менен чарбачылыкты улантып, кербендерди кабыл алып турган. Соодагерлер "Бишкектин коргонуна бардык, Бишкекке бардык" деп айтышат. Убакыттын өтүшү менен адамдар отурукташып, коргон кыштакка, андан кийин шаарга айланат. Кокон хандыгы учурунда бир катар чептер курулуп, анын ичинде Бишкек чеби да болгон. Кийин орус аскерлери келип, өз тилине ылайыктап Бишкекти Пишпек деп атап алышат.
Бишкек тарыхый инсанбы?
Уламыштардан тышкары 1930-жылдары Алыкул Осмоновдун "Бишкектин легендасы" деген китеби, 1970-жылдары Шаршенбек Үмөталиевдин "Пишпек баяны" аттуу макаласы жарык көрөт. Бишкектин реалдуу инсан экендигин айгинелей турган пикирлер жаралат. Орус документтеринде Бишкек тууралуу маалымат жок. Бир гана кыргыздын оозеки чыгармаларында жана санжырада бар. Санжырада анын солто уруусунан чыккандыгы, Солтонун баласы Чаа, андан Жоочалыш, анан Кенен, анын баласы Бишкек экендиги айтылат. Бишкектин Түлөберди, Эсенгул, Канайлар (17-18 кылымдарда) менен замандаш болгону да белгиленет. Ал колунда жок болгондуктан жер иштетип, ишкерлик кылат, устакана, там салат. Учурунда манаптар менен теңата чыгып, өз пикирин билдирип турганы айтылат. Урпактарынын оозунан алынып жыйналган маалыматтар Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда 1921-жылдан бери сакталуу.
Бишкек баатырбы же чарбачыл адамбы?
Бишкек деген ысым эмнени билдирет?
Уламыштарга таянсак, бишкек жыгачтан жасалган курал, кымыз аралаштыргыч таяк экендиги айтылат. Бишкектин энесинин толгоосу сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат. Ушундан улам балага Бишкек деген ат коюлат. Бишкектин энеси Кубул (Көпуул) кадимки "Олжобай менен Кишимжан" дастанындагы Олжобайды өлтүрткөн жедигер уруусун бийлеген Канкочкордун уулу Кудакенин кызы экендиги айтылат.
Бишкектин атасы Кенен баатыр менен Кудаке бий абдан жакшы мамиледе болгон. 45 жашка чейин көргөн уулдарына ичи чыкпаган Кенен тектүү жедигерден үйлөнсөм, тукумум өсөт деген ниетте Кудакенин кызынын колун сурап, ага үйлөнгөн. Кенен баатырдын тилеги кабыл болуп, Кубул болочок баатыр Бишкекти төрөгөн.
Бишкек баатырдын урпактары тууралуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарыхтагы белгилүү адамдардын укум-тукумдары тууралуу материал даярдаган, анда өзүн Бишкек баатырдын сегизинчи урпагы деп атаган Жамиля Алымбекова тууралуу да жазылган. Ал "Бишкек баатыр" коомдук бирикмесин жетектеп келет.
Анын айтымында, Бишкек баатыр 1700-жылдары Аксы, Ала-Бука өрөөнүндө туулуп, Чүй өрөөнүндө отурукташып, 74 же 87 жашында көз жумган.
Бишкекте Бишкектин эстелиги жок
Бишкек шаарына 141 жыл
Бишкек шаары 1878-жылы негизделген деп айтылып келет. 2018-жылы 29-апрелде Кыргызстандын борбор шаарынын 140 жылдыгы белгиленген. Бул күнгө майрамдык программалар, концерттер жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар, спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Ошондой эле редакция дагы тарыхый материалдарды жасаган.