Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар таланттын чыгармачылыгы жана өмүр жолунан кызыктуу фактыларды топтоого аракет кылды.
Жолон Мамытов тууралуу акындын жубайы, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова айтып берди.
Үйдүн көкүрөк күчүгү. Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында төрөлгөн. Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чөлкөмдө белгилүү чебер, уз, кошокчу жана ашкан сулуу аял болгон экен. Жолон Мамытов беш бир туугандын кичүүсү болгондуктан эрке, оюн эркин айтып өскөнү айтылат.
Мал доктур. Борборго жогорку окуу жайга тапшырам деп барып орус тилинен дилбаян жаза албай өтпөй калган. Акыры кокустан эле Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуп калат. Мал доктур адистигин аяктап, Кара-Суу районунун "Катта-Талдык" совхозунда башкы ветврач болуп иштеген.
Ашыгына араң жетип... Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына да ушул адам себепкер. Кезинде экөөнүн баш кошуусуна ата-энелер каршы болуп, Жолон Мамытов ашыгына араң жеткен экен. Меңди Мамазаирова жолдошу экөөнүн сүйүүсүн кыскача айтып берди.
"Экөөбүз бир уруудан болчубуз. Бирибиз Ак-Буура дарыясынын аркы өйүзүндө, экинчибиз берки өйүзүндө жашачу элек. Той-топурларда анда-санда көрүшүп калчубуз. Кичинесинен эле таланттуу бала болчу. Кээде бизге оюн коюп келип калчу. Ошентип ал мектепти бүтүп шаарга окууга кетти. Мен болсо Салиев атындагы кыргыз кыздар мектебинде окучумун. 8-класста окуп жүргөн кезде мага Жолондон каттар келе баштады. Ал учурда анын да, менин да ырларым гезиттерге чыга баштаган. Ошентип экөөбүз кат менен сүйлөшүп баштадык, бирок жолугушкан жокпуз. Анан мен мектепти бүтүп университеттин 1-курсунда окуй баштаганда гана кыз-жигит болдук. Баш кошолу дегенде ата-энелерибиз каршы чыкты. Анткени алардын туугандык жайы бар болчу. Бирок биздин сүйүү эч нерсеге караган жок. Сабыраалы Кулуев деген Жолондун досунун жардамы менен үйлөнүп алдык. Аны укканда ата-энебиз издеп "талаада үйлөнүп алат деген эмне тамтык" деп намыстанышып, кайнеже-кайнагаларым ата-энемдин алдына келип анан той болгон".
Камкор ата, мээримдүү жар. Чыгармачыл үй-бүлө бир кыз, үч уулдуу болушкан. Бирок экинчи уулу 2011-жылы жүрөк оорусунан көз жумган. Маяк жана Азамат аттуу уулдары учурда режиссер болсо, кызы Айгерим модельер. Меңди Мамазаированын айтымында, жолдошу аябай баласаак, камкор ата эле.
"Балдарын аябай жакшы көрчү, алардан эч нерсесин аячу эмес. Үйдө болсо "бул аялдын оокаты, бул эркектики" деп бөлбөй жасаар эле. Мага жардамдашып, жаныман чыкчу эмес. Тамашалап "оң колум" деп койчумун. Айылда болобу, шаарда жашайбызбы, үйдөн киши үзүлчү эмес. Ошондо Жолон колуман ала калып жасашчу", — деп эскерет Мамазаирова.
Жолон Мамытов тамакты да жакшы жасачу экен. Тамакты түрлөп жасаганды ал Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы адабият боюнча жогорку курста окуп жүргөндө Эркин деген теңтуш баласы экөө үйрөнгөн.
Сүйүү акыны. Жолон Мамытов сүйүү темасына көп токтолгон акындардын сап башында. Көпчүлүк ырларын жубайы Меңди Мамазаировага жетпей жүргөндө жазган. "Экөөбүз бири-бирибизге жетпей арзышып, алоолонуп канча жүрдүк. Баш кошкондон кийин деле окууну улантуу үчүн мен шаарга кеттим, ал мал доктур болуп тоонун башында калды. Ошол учурда да далай ыр саптарын жараткан", — дейт жары.
"Дарылаталы деп Москвага бардык. Бирок кеч болуп калыптыр. Дарыгерлер "эртерээк келсеңер болмок" деп айтканда Жолондун жанында турган Кыргызстандан коштоп барган гематолог дарыгер башын жерге салып аябай жаман болуптур. Анда Жолон "ай, жигит башыңды көтөр. Кесибиң боюнча мындай оорунун далайын көрөсүң" деп кайраттандырган экен. Бул тууралуу ошол дарыгер бала мага 13 жылдан кийин айтып жатпайбы. Мен дагы жолдошум оорусун билбей ошол Москвадан укту го деп ойлоп жүргөм. Көрсө, өзү ветврач болсо, дартын эбак эле билип бизге айтпай жүрүптүр...", — деди жубайы.
Чыгармалары. Жолон Мамытовдун "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.