БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүндөгү ремонт иштери кайра башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, оңдоо иштери Кытай грантынын негизинде ишке ашырылат.



"Лев Толстой, Төрөкул Айтматов жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү ремонт иштери убактылуу токтоп калган. Азыр Лев Толстой көчөсүнүн Чолпон-Ата менен Оберон көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү кайра жасалып, эстакадалык көпүрөнүн чыгыш тарабында топурак таштала баштады", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, учурда борбор калаада Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүгүн бириктирген эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Анын узуну 95, туурасы 18 метрге жетет.
Көпүрө темир жолдун үстүнөн өтүп, жалпы жонунан 15 чакырымды түзөт. Мэрия учурда анын 85 пайызы даяр болуп калганын кошумчалады.