07:51 14 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8447
  • EUR79.5147
  • RUB1.0542
Видео

Бишкекте курулуп жаткан алгачкы эстакадалык көпүрө. Видео

Кыскача шилтеме алуу
165221
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Шаардын чыгыш бөлүгүндө эстакадалык көпүрө курулуп жатат.

Узуну 95, туурасы 18 метрге жеткен эстакадалык көпүрө Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүгүн бириктирмекчи.

Строящийся мост, соединяющая западную и восточную части улицы Льва Толстого в Бишкеке
© Фото / пресс-служба УКС мэрии Бишкека
Узуну 95, туурасы 18 метрге жеткен эстакадалык көпүрө Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүгүн бириктирмекчи

Курулуш соңуна чыккандан кийин төрт тилкелүү көчө Ауэзов көчөсүнөн Алыкуловго чейин узартылып, шаардын батышынан чыгышына чейин кесип өтөт.

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан жол 6 чакырымга узарарын, жалпы жонунан 15 чакырымды түзүп каларын айтышты.

Көпүрө темир жолдун үстүнөн өтөт. Ушу тапта 60 түркүк орнотулуп, бийиктиги 6,5-8,5 метрге жетет. Аларга ар бири 18 метр болгон устун орнотулууда. Булар көпүрөнүн негизин түзмөкчү.

Строящийся мост, соединяющая западную и восточную части улицы Льва Толстого в Бишкеке
© Фото / пресс-служба УКС мэрии Бишкека
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу 60 пайызга аяктап калды. Ишти быйыл соңуна чыгаруу пландалып жатат

Эстакадалык көпүрөнүн курулушу 60 пайызга аяктап калды. Ишти быйыл соңуна чыгаруу пландалып жатат.

Тема боюнча

Бишкектин талкаланган көчөлөрүнүн бири оңдолууда
Өкмөттүк трассада өзгөчө веложол пайда болот. Эскиз
Белгилер:
эстакадалык көпүрө, Бишкек мэриясы, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ