Өткөн дем алышта болгон окуя видеого түшүп калып, YouTube каналына Ihlas Haber Ajasi агенттиги жүктөгөн.
Кадрда көрүнүп тургандай, көчөдө бара жаткан үч аял урап бара жаткан дубалды убагында байкап калып, качып кетүүгө үлгүргөн. Бактыга жараша, окуядан эч ким оор жаракат алган эмес. Болгону бир аялдын бутун таш тилип кеткен.
Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталды.
Ушул эле шаарда жер оюлуп, эки аял жерге кирип кеткен окуянын видеосун материалдан көрүңүз.