Кичинекей кыздын жыландын жанына отуруп, крокодилдин тишин тазалап жаткан видеосу

Жазылуу
Социалдык тармакта кичинекей кыз крокодилдин тишин тазалап жаткан видео ылдамдык менен тарады.

Ал YouTube каналына жайгаштырылган.

Кадрдан кичинекей кыздын шашпай отуруп алып крокодилдин тишин щетка менен тазалап жатканын көрүүгө болот. Жырткычка бул жаккан сымал. Ал кыймылдабай, тынч отуруп берген.

Пил өзүн сабаган адамдын үстүнө отуруп, өлтүрүп салды. Окуянын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Пил өзүн сабаган адамдын үстүнө отуруп, өлтүрүп салды. Окуянын видеосу
Кыздын жанында суу толтурулган идиште эбегейсиз чоң жылан жатат. Социалдык тармактын колдонуучуларын бул кадр да кайдыгер калтырган эмес. Алардын арасынан тамашакөйлөрү да табылган.

Видеонун алдындагы посттордон "кыязы, питон тиш тазалагычка келе турган кезегин күтүп жатат окшойт" деген пикирди окууга болот.

Маалыматта видео Индонезияда тартылган окшойт деп божомолдогон.

Буга чейин интернетке кооптондурган дагы бир видео тарап, анда киттин дайверди жутуп ала жаздаган учуру тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader