Кыргызстандын аймагында 16 млн. тонна таштанды жатат

Жазылуу
2018-жылы мамлекеттик органдар ири инвентаризация жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы таштандыларда 16 миллион тонна акыр-чикир жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Арсен Рыспеков Sputnik Кыргызстан мультимедиалык агенттигинде өткөн тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, 2018-жылы мамлекеттик органдар ири инвентаризация жүргүзүшкөн.

"Өлкөдө 406 таштанды жайы бар. Ал жакта 16,5 миллион тонна акыр-чикир жатат. Алардын көбү желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдары. Калгандары болсо металлдан жасалган нерселер", — деди Рыспеков.

Ал ошондой эле Кыргызстанда таштандыны кайра иштеткен 10 ишкана бар экенин, бирок алардын бардыгы көмүскө иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0