Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кол өнөрчүлөрү дайындаган шөкүлө
Кийиз дүйнө коомдук фондусунун кол өнөрчүлөрү дайындаган шөкүлө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мамлекеттик тарых музейинде шөкүлөнүн эки экспонаты сакталып турат, бирок экөө бири-бирине такыр окшош эмес.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кол өнөрчүлөрү байыркы шөкүлөнүн үлгүсүнүн негизинде аталган баш кийимди жасап чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине коомдук фонддун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кол өнөрчүлөрү байыркы шөкүлөнүн үлгүсүнүн негизинде аталган баш кийимди жасап чыгышты
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты - Sputnik Кыргызстан
"Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кол өнөрчүлөрү байыркы шөкүлөнүн үлгүсүнүн негизинде аталган баш кийимди жасап чыгышты

Анын айтымында, шөкүлөнү даярдоого эки айга чукул убакыт кеткен.

"Ага чейин акырындык менен шөкүлө тууралуу маалымат чогултуп, керектүү кездеме, зер буюмдарды табууга даярдык көрүп жүрдүк. Бул баш кийим кыргыздардын кийим-кечесинен кийилбей чыгып калган. Маалыматтарга таянсак, аны кыздар турмушка узап жатканда кийип кетип, 5-6 күнгө чейин башынан түшүргөн эмес. Андан соң сиңдилерине деп төркүнүнө берип жиберген", — деди Асангулова.

Праздничное шествие ко Дню празднования национального головного убора ак калпака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
Дизайнер азыркы шөкүлө менен мурунку шөкүлөнүн айырмасы көп экенин кошумчалады.

"Байыркы шөкүлө кызыл же кызыл кочкул манаттан, ноотудан, баркыттан тигилип, кундуз менен кыюуланган. Төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылып, зер буюмдар менен көркөмдөлгөн. Азыркы шөкүлөлөр мурункунун конустук формасын эле сактап калды", — деди Асангулова.

Ал учурда мамлекеттик тарых музейинде шөкүлөнүн эки экспонаты сакталып турганын, бирок экөө бири-бирине такыр окшош эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0