Суваналиев Өмүрбек Исакович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаместитель секретаря Совета безопасности КР Омурбек Суваналиев
Заместитель секретаря Совета безопасности КР Омурбек Суваналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Суваналиев 1960-жылы 31-июлда Талас облусунун Талас шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Билими:

1981 — СССР ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебинен укук таануучу юрист адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1981 – 1986 — Талас облустук милициясында ыкчам ыйгарым укуктуу ага кызматкер;
  • 1986 – 1989 — Фрунзе шаарынын Ленин районундагы социалисттик менчикти уурдоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 1989 – 1990 — Аламүдүн РИИБдин социалисттик менчикти уурдоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 1990 – 1991 — Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаардык милициясынын жетекчисинин орун барасы, жетекчи;
  • 1991 – 1993 — Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата шаарынын милициясынын жетекчиси;
  • 1994 – 1995 — Салык полициясынын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын жетекчиси;
  • 1995 – 1997 — Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы көрүшүү комиссиясынын төрагасы;
  • 1997 – 1998 — Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 25.06.1999 — "Феликс Куловдун коомдук фондунун" директору болуп дайындалган;
  • 2003 — КР Акыйкатчы институтунун аппаратында кызматкер;
  • 09.2003 — Нарын облустук милициясынын жетекчиси;
  • 03.2005 — Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 05.2005 — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;
  • 11.2005 — КР ички иштер министринин орун басары;
  • 11.2006 — КР ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
  • 2007 — КР президенттин администрациясынын коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2008 – 2010 — Нарын облусунун губернатору;
  • 06.04.2011 — Ош облустук милициясынын жетекчиси (7 күн гана иштеген);
  • 2011 — КР президенттигине талапкерлигин койгон;
  • 2019-2020 — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
  • 15.02.2021 — өкмөттүн Юаткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Башка маалыматтар:

Милициянын отставкадагы генерал-майору.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан чогултулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0