Тамак жасоонун кыргызча жолдору. Чоң апаман 7 лайфхак

Жазылуу
Апалар илгери интернет жок эле тамактын түрүн жасап, көптүргүч кошпой туруп нанды сонун кылып бышырып, айтор, ар бир жумуштун майын чыгара жасап, баарына жетишчү.

Камыр ачытып, боорсокту кызарта бышырууда, жарманы буркуратып жасап, айранды мелтирете уютууда апалардын өз ыкмалары бар эмеспи. Дал ушул кыргызча ыкмаларды Sputnik Кыргызстан агенттиги лайфхак түрүндө тизмектеп чыкты.

Лайфхак №1

Көчмөндөр фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаз мезгилиндеги тамак-аш. Кыргыз сөөк жукарганда эмне жейт
Нан барсайып бышсын десеңиз. Нанды көптүрүп, жумшак кылып бышыруу үчүн ачыткы аздык кылат. Апалардын ыкмаларын эске алганда, биринчи камырды жылуу кылып жабуу керек. Ачыгандан кийин эки-үч сыйра ийлеп кайра коюп койгон оң. Андан соң нан бышырган табаны жакшылап ысытып, майлап, ага камырды салгандан кийин көтөрүлгөнгө чейин 5-10 мүнөт кое туруп, андан кийин мешке салса, нан көөп бышат.

Лайфхак №2

Боорсокту кызартып, жумшак бышыруу. Илгери апалар боорсокту тоң майга бышырчу. Ал боорсокту эгерим катытпайт. Бүгүнкү күндө боорсоктун камырына майонез кошуп жууруп жүрүшөт. Камырдын тузу кем болсо, боорсок жакшы кызарбай калат. Ошондой эле отту май кайнагыча катуу жагып, андан соң бир аз азайтпаса боорсоктун сырты күйүп, ичи бышпай калышы ыктымал.

Лайфхак №3

Оңой жана даамдуу: Бишкекте хитке айланган хан-палоонун видео рецепти - Sputnik Кыргызстан
Оңой жана даамдуу: Бишкекте "хитке" айланган хан-палоонун видео рецепти
Манты, оромо, бешбармак, гүлчөтайдын баары анын камырынан көз каранды. Табына келтириш үчүн камырды беш-алты саат эрте эле жууруп койгула. Жөн эле жууруп коюп койбой улам-улам ийлеп кайра жаап койсо, камыр ийине чыгып тегиз жайылат. Гүлчөтай, бешбармактын камырына бир жумуртка кошуп жууруса, эзилбей бышат. Манты, оромо тез бышсын десеңиз, кайнап жаткан сууга бир чоң кашык туз салып коюңуз.

Лайфхак №4

Каймак. Бышкандан кийин идишке куюлган сүткө көпкө чейин тийбесе, каймагы калың болот. Сүттүн турган жери салкыныраак болушу керек.

Лайфхак №5

Эт жумшак бышсын десеңиз, шорпону катуу кайнатпаш керек. Бир "борк" эткенден кийин эле отту бир аз азайтып койсо, эт былкылдап быша берет. Катуу отко бышкан эт катуу болуп, кызарып калат.

Лайфхак №6

Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт - Sputnik Кыргызстан
Чучукту кантип жасоо керек – видеорецепт
Айран уютуу. Сүткө уюткуну куюп койсо эле айран болуп калбайт. Алгач сүттү жылымык кылып ысытып алып, чай чынынын төрттөн бир бөлүгүнө айран куюп ага кичине сүт кошуп, жакшылап чалып туруп сүткө куят. Андан соң оозун бекем жаап, жылуу ороп койгон жакшы. 5-6 саатка чейин ага тийбеш керек. Чочуп кетсе, айран уюбай калат деген ишеним бар.

Лайфхак №7

Жарманы буркуратып ачытуунун жолун баары эле биле бербесе керек. Максым жасаар алдында эле казанга алгач тоң майды ысытып, ага бир аз талкан же ун кошуп кызарта кууруп алыңыз. Андан соң суу куюп, ал кайнаган соң талкан чалып, жакшылап кайнатуу кажет. Мында талкандын бүртүк болуп калбашы кажет. Жарма бышкандан кийин каймактап калбашы үчүн маал-маалы менен чалып туруңуз. Жылуу болуп калганда ачыткысын куюп, ун, татымына жараша туз кошуп жылуу жерге коюңуз. Муздакта туруп калса, максым бозоруп ачыбай калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0