Кайрып утуу керек! Ошто NAGA грэпплинг боюнча эл аралык мелдеш өтөт

© Фото / Валерий ГашеевВторой чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске
Второй чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште спортчулар өспүрүмдөр, чоңдор, кыз-келиндер, машыктыруучулар жана ардагерлер арасында күч сынаша алат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ошто грэпплингдин NAGA версиясы боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулардын бири Эмил Токтогонов билдирди.

Мелдеш 25-26-январь күндөрү Өзгөндө болот. Анда спортчулар өспүрүмдөр, чоңдор, кыз-келиндер, машыктыруучулар жана ардагерлер арасында күч сынашат.

Грэпплингдин дүйнөдө үч ири версиясы бар. Алар NAGA, ADCC жана UWW. КРде үч федерацияга тең лицензия берилип, президенттери шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0