Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону азыр дүйнө эли таанып калды десек жаңылышпайбыз. Спортчу жакында эле Америкадагы беделдүү делген UFC уюмунун эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиондук наамына ээ болду.
Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында туулган. Энеси Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, тайбокс боюнча машыктыруучу. Өзүнөн улуу эжеси Антонина да спортчу. Беш жашынан тарта азыркыга чейин машыктыруучу Павел Федотовдун колунда тарбияланып келет.
Федотов Валентинанын рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн "Ок" деген лакап атты ыйгарган.
Спорттук команда 2005-жылдан тарта чет мамлекетте жашап, машыгуусун улантып келет. Алгач Россияда, андан кийин Перуда, учурда АКШда турушат. Ортодо көптөгөн мамлекеттерде машыгууда болушкан.
Валентина муайтай жана К1 боюнча 58 ирет профессионалдуу беттеш өткөрүп, анын бирөөсүндө гана утулган.
ММА боюнча профессионалдуу 16 мелдештин жеңүүчүсү.
2015-жылдан тарта UFC уюмунда ат салыша баштаган.

1/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
1991-жыл, Ысык-Көл. Бул Валентина Шевченконун бала кезинде калган жалгыз сүрөтү. Апасы Еленанын айтымында, кыздар ар кайсы жерге көчкөндө жүк менен фотоальбомдор калып кетсе керек…

2/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
Алматы, 2003-жыл. Дүйнө чемпионатынан биринчи орун.

3/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
2003-жыл. Оманда өткөн мелдештен кийин.

4/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
2004-жыл Бишкек. Валентина улуу эжеси Антонина, машыктыруучусу Павел Федотов жана WEF федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов менен (оңдо).

5/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
Сеул, 2005-жыл. Эже-сиңдилер мелдештен соң.

6/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
2006-жыл, Сочи шаары. Мелдешке, машыгууга тойбой турган жаштык кез.

7/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
Перу, 2009. Ийгилик артынан ийгилик.

8/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
Перу, 2010. Валентинадан шпагат.

9/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
2011-жылы өткөн Ташкенттеги (Өзбекстан) турнирден кийинки ирмем

10/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
2012, Лима. Мушкердин хоббиси — ок атуу.

11/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
2013, Лима. Бийди да катырат.

12/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
Перу, 2013. Көл жээгинде эс алган спортчу.

13/17
© федерация тайского бокса КР
2015-жыл, Таиланд. Валентинанын тай бокс боюнча мелдештеринен соңку ирмемдер. Мындан ары ал октагондо күч сынашууга өткөн.

2016-жыл. Беделдүү делген UFC уюмуна кадам.

2017-жыл. Дүйнөдөгү эң күчтүү айым аталуу үчүн оңой атаандаштар туш болгон жок.

Быйыл Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун тагынды

17/17
© Фото / из личного архива Валентины Шевченко
Сулуу, сүрдүү, өнөрлүү Валентина
