Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бегимай сулуу эмнеге дүйнөнү багынта албады?

© Фото / предоставлено Бегимай КарыбековойКонкурс красоты "Top Model Of The World – 2016"
Конкурс красоты Top Model Of The World – 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Жакшы жатып, жай турдуңузбу? Эшикте алай-дүлөй.

"Бурадар" кечээки күндүн маанилүү маалыматтарын сунуштайт.

Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова катышып жаткан эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сынагы жыйынтыкталып, баш байге филиппиндик Катриона Грэй аттуу бийкечке буюрду. Жеке оюмда биздин  Бегимай кызыбыз деле дүйнөлүк сулуулардан ашса ашат, кем калышкан жок. Кымча бели, шыңга бою, жибектей чачы, айдай чырайы, келишимдүү көйнөктөрү… Бул жерде Бегимай дагы, Кыргызстан дагы жаш өлкө болуп калды окшойт. Дегеним, мындай ири сынакка биринчи ирет ат салышуу болду. Тажрыйба кочуштап эмес, тамчылат топтолот эмеспи, кийинкилеринде сөзсүз байгелүү орундарга ээ болобуз деп ишенем. 

© REUTERS / ATHIT PERAWONGMETHAФилиппиндик Катриона Грэй эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү деп табылды
Конкурс красоты Мисс Вселенная — 2018 в Бангкоке  - Sputnik Кыргызстан
Филиппиндик Катриона Грэй эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү деп табылды

Балдары бакчага жана мектепке барган ата-энелер азыр интернеттен же базар аралап жаңы жылдык костюм издеп жатса керек. Убакытты үнөмдөө максатында Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы жылдык костюмдарды ижарага бере турчу жайлардын дарек, телефонун тактап, бааларын да билип койду

Кыргызстанда төрөлүп, чет мамлекетте спорттук карьерасын улантып жаткан балдар бар. Алардын бири Илзат Ахметов Россияда эң мыкты жаш футболчу аталды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЦСКА футбол клубунун жарым коргоочусу Илзат Ахметов "Первая пятерка" сыйлыгына татыды
Вручение премии Первая пятерка футболисту ЦСКА И. Ахметову - Sputnik Кыргызстан
ЦСКА футбол клубунун жарым коргоочусу Илзат Ахметов "Первая пятерка" сыйлыгына татыды

Дагы бир кыргызстандык атуул Нурсултан Өзбеков Россиянын европалык жана азиялык бөлүктөрүнүн чек арасындагы Челябинск шаарындагы Түштүк Урал мамлекеттик университетинде (ТУМУ) билим алат. Ал Sputnik агенттигинин кабарчысы менен маек курду

Үй алууга акча жетпейт. Бишкектегилердин канчасы ижарага алган турак жайда жашай турганын кызыктуу инфографикадан билип алыңыз

Ошондой эле Sputnik Кыргызстан сомдун туруктуулугун башка ири өлкөлөрдүн улуттук валютасына салыштырып чыкты

Ушундай адамдар коомду булгап, дос-тааныш, өнөктөш дегендердин ишениминен таят! Кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамга бизнестеги өнөктөшүнүн ири суммадагы акчасын алдап кеткен деген шек менен кылмыш иши козголду

УКМК экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы ячейкасындагы акчалардын алынышы тартылган видео боюнча билдирүү таратты. Эске сала кетсек, Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон

Кыңыр иш кырк жылда билинет! Декларацияга мал-мүлкүн толук жазбаган 141 аткаминердин иши прокуратурага өттү

Шейшембиге карата аба ырайы менен таанышып алыңыз!

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.74 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет!

Амандыгыңызды тилеп Гүлдана Талантбекова

Жаңылыктар түрмөгү
0