Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСнегопад во Владивостоке
Снегопад во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 18-декабрда республиканын көпчүлүк райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бурганактап кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында —1…+4 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө —3…+2, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаап, ал карга айланышы мүмкүн. Бишкекте абанын температурасы +2…+4, Ош шаарында +3…+5 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0