00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Масалиев: президентти кол тийбестиктен ажыратууну Атамбаев өзү сунуштаган

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин алып салуу боюнча мыйзам долбоору коомчулукту дүрбөлөң кылган документтердин бири болуп жатканын айтты.

Масалиев 2006, 2010 жана 2016-жылдары Конституция өзгөртүлгөндө экс-президенттин кол тийбестиги деген түшүнүк алынып салынганын белгиледи. Мындан тышкары, анын айтымында, кызматты тапшыргандан кийин мыйзам алдында бардыгы бирдей болуш керек деген талапты коомчулук койгон, мыйзам долбоору ошол себептен киргизилүүдө.

"Эң негизгиси 12-беренени жокко чыгарып жатабыз. 2010, 2016-жылы Конституцияны өзгөрткөндө өткөөл жободо Конституцияга каршы келген мыйзамдын жоболору иштебейт, күчүн жоготот деп жазылып калган. Бул Конституциянын түз көрсөтмөсү", — деди ал.

Анын айтымында, Атамбаев премьер-министр болуп турганда 12-беренени алып салуу боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуштаган.

Флаг Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алмай болушту. Мыйзам долбоору даяр
"2011-жылы Атамбаев өкмөт башчысы болуп турганда Жогорку Кеңешке 12-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жөнөткөн болчу. Кийинчерээк, 2014-жылы, Юстиция министрлиги ошондой долбоорду жиберген, бирок ал бизге жетпей, өкмөттө калып кеткен. Демек бул жаңылык эмес, мурдагы жетекчилер өздөрү сунуштаган долбоор. Аны биз Конституцияга дал келтирүү боюнча сунушту берип жатабыз", — деди Масалиев.

Депутат ошондой эле Конституциялык палата дагы 12-беренени Конституцияга дал келбейт деп корутунду бергенин эске алуу менен мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берүүгө чакырды. Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан мыйзам долбоорун колдошту.

Алмазбек Атамбаев учурунда ушундай сунуш менен кайрылган-кайрылбаганы тууралуу Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы (КСДП) төмөнкүчө жооп берди.

"Алмазбек Атамбаевге бул тема кызык эмес, андан башка иштери толтура. Башка комментарий жок", — дешти саясий уюмдан.

"Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде мындай деп жазылган:

12-берене: Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийгистиги

Кыргыз Республикасынын экс-президенти кол тийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийгис укугу ал ээлеген турак жайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0