Мына ушул трагедиялуу инсан тууралуу 17 фактыны сунуштайбыз.
1. Төрөкул Айтматовдун туулган жери. Айрым документтерде Торекул, Тюрякул деп жазылган бул инсандын туулган жери Россия империясынын Сырдарыя облусунун №5 аулу деп көрсөтүлөт. Кээ бир документтерде Олуя-Ата уезди, Күркүрөө болушу мүмкүн деп берилет. Азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылы. Туулган жылы – 1903-жыл, айы белгиленген эмес.
2. Төрөкул Айтматовдун теги. Төрөкул Айтматов сол канаттын кытай уруусунун шекер уругунан. Атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбилди, анын атасы – Кончужок. Айтмат менен зайыбы Айымкан беш балалуу болгон, алар: Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гүлайым жана Рыскулбек.
4. Шекерден башталган чыйыр. Төрөкул 1917-жылы орус-тузем мектебин бүтүрөт. 1920-1921-жылдары Күркүрөө болуштук советинин аткаруу комитетинин катчысы, Грозный кыштагында батрактар коомунун катчысы болуп иштейт. 1921-жылы Ташкентке партиялык мектепке жиберилип, ал жактан Москвага Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетине угуучу катары жөнөтүлөт. 1925-жылдан 1926-жылга чейин Фрунзе шаарында Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын — ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө адегенде инструктор, андан соң бөлүм башчынын орун басары, кийин бөлүм башчы болуп иштейт. 1926-жылдын майынан ВКП (б)нын Каракол-Нарын округдук комитетинин катчысы кызматын аркалайт.
5. Караколдогу каардуу да, романтикалуу да күндөр. Ысык-Көлдүн боюндагы бак-дарактуу, тоо этегиндеги шаардын биринчи адамы болуу ачарчылык, тап душмандарына каршы күрөшүү менен коштолот. Ошол жерден ал колуктусу менен романтикалуу күндөрдү өткөрөт. Нагима төркүнүндө облустук комсомолдо иштеп турган. Ысык-Көлгө эң биринчи пароход келип түшүрүлгөндө анын бортунда Төрөкул Айтматовдун жүргөнү кийинки табылган сүрөттөрдөн дайын болду.
7. "Эркин-Тоо" гезитинин редактору да, кеңешчиси да болгон. 1925-1926-жылдарда ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө иштеген кезде алгачкы кыргыз басылмалары катары чыгып жаткан "Эркин-Тоо", "Дыйкан жолу", "Ленинчил жаш" газеталарына ар тараптуу жардам берген: жазылууларды, таркатууларды уюштурган, өзү да макалаларды жазып турган. "Эркин-Тоо" газетасынын 1925-жылдын 21-ноябрдагы санына гезиттерге маани берип, аларды социалисттик курулушка тартуу боюнча кеңеш чарбаларына кайрылып ачык кат жазып чыккан. Ал 1926-жылы "Эркин-Тоо" газетасына кыска мөөнөт редакторлук да кылган. Анын демилгеси менен 1926-жылдан тарта кыргыз тилинде "Коммунист" деген саясий-партиялык журнал чыга баштаган.
8. Жубайы жана балдары. Нагима Хамзаевна Абдувалиева (1904-1971) менен 1925-жылы 3-сентябрда баш кошкон. Кээ бир маалыматтарда 1926-жылы 3-сентябрда деп айтылып жүрөт. Балдары: Чыңгыз (1928-2008) – дүйнөгө таанымал жазуучу, коомдук ишмер; Ильгиз (1931) – окумуштуу, академик, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Люция (1934-1997) – инженер-энергетик; Рево (1934. 15-декабрь – 1935) – Люциянын эгизи, наристе кезинде чарчап калган, эки атты бириктиргенде Рево+люция келип чыгат; Розетта (Роза) (1937) – физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор.
9. Атадан калган элестер. Чыңгыз Айтматов өз атасы менен болгон өтө жаш чагын төмөнкүдөй эстейт: "Атам мага ар дайым көз алдыма мындайча тартылат: капкара коюу чачы, ошол көмүрдөй кара чачтын бир жериндеги кашкайган бөлүгү, талаага кийген көйнөгү, кончу узун булгаары өтүгү… Атам көбүнчө кош ат чегилген араба менен жүрчү. Арабада киши отурууга ылайыктап отургуч бекитип, аны тери менен каптатып коюшкан эле. Атам болсо дайыма арабанын артында отурчу, алдыда – арабакеч. Атамдын элесин ээрчий Фергана тараптагы үйлөр да көз алдыма келе калат. Айланасы бозоргон пакса же гувала дубалдар менен курчалган, чатыры түптүз, бардыгы кырка жер тамдар болучу". "1934-жылдын башы. Мен алты жаштагы бала кезим… Туш тарап жаңырып, чоң өлкөдө колхоздоштуруу аттуу үлкөн бир саясат үстөм кылып аткан чак. Элдин баары бул саясаттын ыңгайы менен болуп, эми өз жашоо-турмушун, кылымдан берки келаткан көз караштарын өзгөртүп, ушинтип жаңы өкмөттүн жарыгы менен жапырт кат-сабатыбызды жоюп, жакырчылыктан арылып, ага себеп болгон бай-манаптарды түп тамырынан жок кылабыз деген саясат менен келечектен көп нерсе үмүт этип, алдыга ошол ой сүрөп турган кез. Түштүктүн Араван районунда – Фергана өрөөнүндө пахта айдалат эмеспи. Пахта – кара тер менен каржалган мээнеттен гана агарган, баалуу зат. Аны айдап, сугарып, терип алуу иштери үзгүлтүккө учуратылбай, жалпы жамааттын аракети, колу менен бүткөрүлсө, үзүрү ошончолук жакшы болот. Атам мына ушундай уюштуруу иштерин аткарчу. Күнү-түнү тыным билбей иштеп, араба дөңгөлөгүн токтотпой, чарчадым-чаалыктым дебей, жер кезип жүргөнү жүргөн. Ар дайым эл менен байланышта болучу".
11. Эстен кеткис акыркы коштошуу. Москвадагы, деги эле өмүрдөгү акыркы коштошууну Чыңгыз Айтматов кийин баяндап берет: "1937-жылдын август айынын соңку күндөрүндө буюмдарыбыздын көбүн сатып, керектүүлөрүн жыйнап, апам, алты айлык карындашым Роза болуп, төрт бир тууган кайра жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалынан узатты. Поезд жүрүп баратканда да эшиктери ачык болучу. Вагондордун бирөө этияты-шартка деп кошумча турганы экен. Купелериндеги керебеттер эки кабаттуу. Атам бизди ошондой жайлардын бирине жайгарды. Коштошту. Апамдын ошондогу көз жашын, атамдын өзүн-өзү чымырканып кармап турган олбурлуу кебетесин али да көз алдымдан өчүрбөй келем… Ошондо вагондо эл көп эле. Бири-бири менен тыгылышып, жолоочулар өз-өз купелерине жете албай издеп жүрүшкөн. Менин атам болсо ошондо жылып бараткан поезд бир далайга узап кеткиче, андан калбай, поезд менен кошо чуркап баратты да, ошол баратышында бизге кол булгалай берди, булгалай берди… Мен купенин керебетинин үстүңкү кабатында элем. Баарысын-баарысын сезип-туйдум. Бири-бирибизди мындан ары көрбөшүбүздү да билгендей болдум. Ошондон го, буркурап ыйлай бердим. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө как жарып өксүп жаттым. Апам гана улам-улам туруп, мени сооротот, жалбарат: — Жалгыз эмеспиз, уулум, карачы, эл бар, жалгыз эмеспиз… — Атамдан мына ушинтип алыстадык…"
12. Атанын бейитин издеп… Чыңгыз Айтматов "Саманчынын жолу" повестинде мындай эпиграф колдонот: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын". Бул атасыз өскөн баланын эң чоң арманы эле. Маектеринде атасынын 30-жылдардагы партиялык конференциялардын биринде чыгып сүйлөгөн сөзүндө жаңы социалисттик, улуттук маданияты өнүктүрүү, мектептерди, кызыл үйлөрдү ачуу, элдин илим, техника, дүйнөлүк маданият менен таанышуусуна кеңири жол ачуучу жаңы китептерди басып чыгаруу боюнча ойлорун жогору баалаган. Жазуучу уулу атасынын өчүн алуу үчүн Сталинди, сталинизмди өмүр бою кектеп, айрым образдары аркылуу ошол "капсалаң замандын" сүрүн көрсөтүп келди.
13. "Контр" атанын азабы. Төрөкул Айтматовго "эл душманы" деген жарлыктын тагылышы анын үй-бүлөсүнө, балдарына терс таасир эткен. Аялы Нагима жакшы кызматка алынган эмес, айталык, Москвадан балдарын ээрчитип келгенде аябай сабаттуу болсо да, Киров райондук партия комитети ишке алуудан баш тартат, уулу Чыңгызды аспирантурага кабыл албай коюшкан, Ильгиз Москвадагы Геология чалгындоо институтун бүтүрсө да биздикилер кодулап турушкан, 1954-жылы орто мектепти мыкты бүтүргөн Люцияга медаль бербей, Москвадагы электротехника институтуна Фрунзеден тапшырып өтүп кетсе да, мандат комиссиясы борбордун жогорку окуу жайына жибербей коёт ж.б.
15. Узак жылдан кийин берилген аш. 1959-жылы Шекер айлында Алымкулдун Керимбек деген жылкычы инисинин короо жайында Алымкул, Төрөкул, Өзүбек жана Рыскулбектин ашы бирге берилет. Төрөкул Айтматов акталган соң ысымы Шекер айылындагы мектепке коюлган жана 1992-жылы эстелиги орнотулган.
16. Айтматовдор жана "Ата-Бейит". Москвадан Фрунзеге этап менен жиберилип, 1938-жылы 5-ноябрда жүрөккө атылган 35 жаштагы Төрөкул Айтматовдун сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугун туугандары 20 жылдан соң – 1957-жылы билишкен, ал эми сөөгү коюлган жай 43 жыл өтүп гана белгилүү болгон. 138 кишинин сөөгү эски кыш заводунун ичине көмүлгөн, аларды казып жатканда дал Төрөкул Айтматовдун чөнтөгүнөн табылган "айыптоо бүтүмү" боюнча ким экендиги аныкталган. Анын сөөгү башкалар менен бирге эле аза зыйнаттары аткарылып, 1991-жылы кайра жерге берилди жана ал жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Ата-Бейит" аталды. Жазуучунун керээзи менен 2008-жылы каза болгондо анын сөөгү да атасынын жанына – "Ата-Бейитке" коюлду.
17. Ата жана бала. Бир жолу Шекерге Айтматовдун мааракесине бара жатканда Жамбыл шаарына жакын жерде жайылган дасторкондо жазуучулардын бири: "Эгер сиздин тагдырыңыз мындай болбогондо, атаңызды жоготпосоңуз, согуш чыкпаганда, татаал күндөрдү башыңыздан өткөрбөгөнүңүздө сизден залкар жазуучу чыкмак эмес. Мунун баары атаңызды жоготконуңуздан", —десе Чыңгыз Айтматов: "Бул абдан чоң жоготуу. Мен андан көрө жазуучу болбой койсом жакшы болмок",- деген экен…