Конкурсту 22 жаштагы Айжан Жеңишова аттуу Ысык-Көлдүн сулуусу жеңип алды. Ал таажыдан сырткары, Mercedes-Benz A140 үлгүсүндөгү унаа менен сыйланып, өлкө атынан эл аралык сынактардын бирине катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Биринчи вице-мисс Нуриза Бектурова, экинчи вице-мисс Эльгиза Ырсакунова жана үчүнчү вице-мисс болуп Арина Сулайманова аталды.
Кыргызстандын эң сулуу кызы кантип тандалганын сүрөт түрмөктөн караңыздар.

Катышуучулар бул күнгө бир нече ай даярдык көрүшкөн

Сынактын жарым финалы августта эле өткөн, ага 64 кыз катышкан болчу

Финалда биринчи орун үчүн 25 катышуучу ат салышты

Катышуучулардын эң улуусу 26, эң кичүүсү 16 жашта

Калыстар тобу түрдүү номинациялардын жеңүүчүлөрүн аныктады

Кыздар улуттук кийим менен подиумга чыгышты...

...ошондой эле кече көйнөктөрүн дагы көрсөтүштү

Кээ бир катышуучулар чыныгы таланты менен элди таң калтырды

Залдагылар катышуучуларды сүрөп турушту

Калыстар тобу жеңүүчүнүн атын атоого камынып жатат. Оң жакта турган экинчи вице-мисс Эльгиза Ырсакунова, ортодогу вице-мисс Нуриза Бектурова, ал эми сол жакта башкы титулга ээ болгон Айжан Жеңишова.

Көптөн күткөн учур, жеңүүчү Айжан Жеңишовага таажы кийгизилди.

Жеңүүчү таажы менен кошо Mercedes-Benz A140 үлгүсүндөгү унаага ээ болду

Биринчи жана экинчи вице-мисске Түркияга эс алып келүүгө жолдомо берилди
