Айыл чарба министри: кийинки жумада картошканын баасы өсөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие логистического центра в Кеминском районе
Открытие логистического центра в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Ирина Карамушкина насыяга жер иштеткен дыйкандар картошкаларын беш сомдон сата албай жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда түшүмдү жыйнабай койгон дыйкандар дагы бар, себеби техниканы ижарага алууга да каражат керек.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Дыйкандар эккен картошкасын сатып жатат, баалар дагы өсүүдө. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Мясоперерабатывающий комбинат Кубань в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандын этине эмнеге чектөө киргизгенин башкы мал доктур айтты
Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошка алуудан баш тарткандан кийин Айыл чарба министрлиги ыкчам аракеттерди көрбөгөндүгүн айткан. Анын билдирүүсүндө, учурда картошканы 5 сомдон дагы сата албай жаткан дыйкандардын көбү насыя алган. Учурда түшүмдү жыйнабай койгон дыйкандар дагы бар, себеби техниканы ижарага алууга да каражат керек.

Ал эми айыл чарба министри Нурбек Мурашев Өзбекстан жазгы гана картошкага чектөө киргизгенин, күзгү түшүмгө тыюу жоктугун билдирди.

"Өзбекстанда жазгы түшүм жетиштүү, күздө дефицит жаралгандыктан өткөн жумада сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тыюулар толугу менен алып салынды", — деди министр.

Ал ошондой эле картошканын бир килограммы 5 сом деген маалыматты четке кагып, фермерлерге кеңеш берди.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Микрокредит берген компанияларга кимдер ээлик кылат. 94 ишкананын кожоюну
"Бишкекте картошканын дүң баасы 10 сом, ал эми чекене баасы 17 сомго жетет. Дыйкандар түшүмдү эч ким албай коет деп дүрбөлөңгө түшүп сатып салууга аракет кылып жатышат. Аныгында өлкөдөгү картошканын баары сатылат. Учурда дыйкандарга "эгинди кармап тургула, кымбатыраак сатасыңар" деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди министр.

Ал ошондой эле Өзбекстан менен бааны көтөрүү маселеси сүйлөшүлүп жатканын айтты.

"Ортомчулар картошканын килограммын фермерлерден 10-12 сомдон сатып алууда. Кийинки жумада баалар өсөт. Себеби Өзбекстан сатып ала баштайт", — деди ал.

Мурашев картошка эге турган аянтты кеңейтүү керектиги боюнча министрликтин буга чейин айткан кеңешине комментарий берди.

Бүгүн, 15-октябрда, Дордой-Дыйкан базарынын базасында түзүлгөн фитосанитардык логистикалык борбордун ачылыш аземи өттү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте фитосанитардык логистикалык борбор ачылды. Сүрөт
"Өткөн жылы 83 гектар, быйыл 84 гектар жерге картошка эгилди. Башкача айтканда, аянт кеңейген жок", — деди Мурашев.

Ал ошондой эле азыркы абал келерки жылы картошканын дефицитин жаратпай турганын белгиледи. Министрдин айтымында, Өзбекстандагы бир жылдык дефицит жарым миллион тоннага жетет. Демек сатып ала турган рынок болгондуктан кыргыз фермерлери картошка эгүүнү улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0