Статистикага үңүлсөк, чакан насыя алгандардын басымдуу бөлүгү (50 392 киши — ред.) Ош облусунда жашайт. Экинчи орунда 37 007 адам менен Жалал-Абад облусу турат. Чүйдө болсо 29 231 жаран насыяга муктаж болгон. Кредитти эң аз алгандар Таласта, облус боюнча болгону 6991 адам.
Насыя алгандардын көпчүлүгү акчаны өнөр жай, айыл чарба жана ветеринардык чарбаны жакшыртуу максатында колдонорун көрсөтүшкөн.
Орто эсеп менен Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургундары 30 миң сомдон 40 миң сомго чейин насыя алат. Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында 40-50, Чүйдө 53 миң сомго кетет. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында, микрокредиттик компанияга жардам сурап кайрылгандар 75 миң сомдун тегерегинде акча сурашат.
Мындан улам Sputnik агенттиги Кыргызстанда чакан насыя берүү менен алектенген компанияларды тизмектеп, аларга кимдер ээлик кыларына кызыгып көрдү. Маалыматтар Улуттук банк жана Юстиция министрлигинин расмий сайттарынан алынды.
Улуттук бактын 2018-жылдын 1-октябрында берген маалыматына караганда, Кыргызстанда чакан насыя берген 94 ишкана катталган.