Министр Чыңгыз Айдарбеков ишти эмнеден баштай турганын айтты

© Фото / пресс-служба МИДӨкмөттүн маалыматы боюнча 17-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жетекчини ТИМ жамаатына тааныштырган
Өкмөттүн маалыматы боюнча 17-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жетекчини ТИМ жамаатына тааныштырган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри кызматына 17-октябрь күнү дайындалган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков биринчи кезекте ишти дипломатиялык кызматты реформалоо жана министрликтин ишмердүлүүгүн оптималдаштыруудан баштай турганын айтты.

Депутат ТИМ башчысына талапкер Айдарбековду англисче сүйлөшүп сынады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Депутат ТИМ башчысына талапкер Айдарбековду англисче сүйлөшүп сынады. Видео
Өкмөттүн маалыматы боюнча 17-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жетекчини ТИМ жамаатына тааныштырган.

Эскерте кетсек, буга чейин министрликти жетектеп келген Эрлан Абдылдаев 12-октябрь күнү кызматынан кетип, өкмөт башчы аталган кызматка Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштаган. Парламенттин колдоосунан кийин ал президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматка бекиген.

Жаңылыктар түрмөгү
0