Бир нече жыл мурда такси айдап иштеп калдым. Негизи эле таксисттин жумушу "приключениеге" бай болот эмеспи. Саат сайын ар башка кардар, ар башка кыял, ар башка тагдыр дегендей… Бирок адатта айдоочу алып бараткан кишинин кылык-жолугуна, сөздөрүнө таң калса, кардарларым, тескерисинче, мага таң калышчу.
Кыргызча ыр уккан орус жигитке ыраазы болгон апа
Көңүлдөшүн айтып алып уялган келиндер
Дагы бир жолу ЦУМдун жанынан унаама эки аял түштү. Жаштары 40тын тегерегиндеги башы бош курбулар экен. Аны кайдан билдиң дебейсиңерби? Экөө мурда эле кызык сөзгө кирип алган экен, машинага отурары менен мурдагы күйөө, азыркы көңүлдөш, жашыруун гүл берип жүргөн кесиптештер тууралуу кенен-кесир сүйлөшө башташты. Бирөөсү "жигитинин" аялы менен капысынан кезигип калып, чачташа кеткенин айтып берди. Акыры барар жерге жеттик. Курбулардын көбүрөөк сүйлөгөнү "молодой человек, сколько мы вам должны?" деп сурады. "Эки жүз сом бересиз, эжекеси" деп кыпкыргызча жооп берсем, экөөнүн тең көзү алая түштү. Алардын ошол маалдагы кебетесин көрүш керек болчу. Сүрөттөп берүүгө сөз байлыгым жетпейт. Бири өзүн токтотуп, "Вообще-то так не честно!" деп зиркилдей сүйлөп, алдыңкы орундукка "сдачи не надо" деп миң сомдукту ыргытып койду да экөө шашып-бушуп, артын карабай басып кетишти.
"Орус" айдоочуну көрүп кыжырланып…
Эстеп отурсаң, мындай окуялар баштан көп өттү. Убакыт боло калса, жаңы конушка көчүп барган алгачкы күндөр тууралуу айтып берем.